ООЗУН КАРМАНУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кандайдыр бир иштин болуп кетишине же айтылып калган сөзүнө катуу өкүнүү, өкүттө, арманда калуу. Бактысы баштан тайганда, «Аттиң» деп оозун карманат (Осмонкул). - Кой каралдым, ...эреже бузуп, ырк бузуп, кийин кинээ сөз угуп, өмүр бою өкүнүп, оозуңду карманба?! (Касымбеков). Бүбү өзү деле жыргаган түрү жокко, оозун карманып жүргөндүр да, адам бир адашат тура ... (Өгөбаев).