ООЗГО КИРҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өзүнүн жакшы сапаттары, адамгерчилиги менен элге белгилүү болуп, эл оозунда айтыла баштоо. Нүзүптүн даңкы бүткүл Таласка жайылды, ага кошумча өзүнүн түз сөздүүлүгү, сыпаачылыгы менен оозго кирип, элге алынат, мырза атыгып, күндөн күнгө кадыры артты, досу, курдашы, санаалашы көбөйдү (Касымбеков). Тунгуч аш-тойго барып балбанга түшүп, ошондон оозго кирет (Осмоналиев). Асанбек оозго кирди, атагы берки айылдан аркы айылга кетти (Осмоналиев).