Киргизско-русский словарь Юдахина
ооздук I
удила;
аттын ооздугун сал- взнуздать коня;
ооздук чыгар- разнуздать;
ооздук тиште- закусить удила;
ооздук чайна- грызть удила;
ооздук менен суу ич- пить воду неразнузданным;
ат башына күн түшсө, ооздугу менен суу ичет погов. когда коню приходится туго (при погоне), он пьёт воду неразнузданным;
ооздук менен сугар- поить (коня), не разнуздывая (при трудных обстоятельствах);
ооздугу жок аттай как конь без удил, как саврас без узды.
ооздук II
ачык ооздук см. ачык I.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Жүгөндүн кайышына бириктирилген, жүгөндөгөндө аттын оозуна салына турган темири. Акийма.. атынан түшүп, ооздугун чыгарып, чылбырынан кармады (Жантөшев). Кара болот ооздук. Көмөкөйдө карсылдап («Манас»).
Ооздук салуу — баш ийдирүү, багындыруу. Какыраган жерлерге, Ооздук салып Чоң Чүйгө, Бурганыңа кубанам (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жүгөндүн кайышына бириктирилген, жүгөндөгөндө аттын оозуна салына турган темири. Акийма... атынан түшүп, ооздугун чыгарып, чылбырынан кармады (Жантөшев). Кара болот ооздук Көмөкөйдө карсылдап («Манас»).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Ооздук салуу. Жанына адам жолотпогон азоолорду ооздуктап минген учуру да болгон («Чалкан»).
2. Баш ийдирүү, багындыруу, эпке келтирүү. Оюмда бар менин да, Балам, ооздуктайын, токтогун (Токтогул).