ООЗУН ТАПТОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сүйлөй тургандай болуу, сүйлөп жибергиси келүү, бир нерсени айтууга камдануу. Ажар жакшы эле оозун таптап, чыкпасаңчы деп айтайын деп, бирок айта албады (Жоошбаев). ... Ачуусу келип чыңалып, оозун таптап баратканда жашыраактар түрткүлөп алып чыгып кетишти (Абдукаимов). Шарип дагы бирдеме айтчудай оозун таптап барып, ичинен күңгүрөнүп тим болду (Бейшеналиев).