ООЗУНАН ЧЫГАРБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Эч кимге айтпоо, эч кимге билдирбөө, жашыруу. - Мен председатель бойдон турсам, сени сөзсүз заводдун башчысына көтөрөм, жыргайбыз, оозуңдан чыгарба, - деген (Ашымбаев). ...Иштин токтоп калуу себептерин өлөр өлгөнчө оозуман чыгарбайм деген тил катка кол коюп анан тарап кетүү чечими болду (Айтматов).