Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Тизгинди кое берип катуу чаап жөнөө, атын катуу чабуу. Каныбек менен Темир атынын оозун коё берип, кандай темингендерин байкабай калды (Жантөшев). Далдак атынын оозун коё берип, камчы басып качат (Осмоналиев). ...Атынын оозун коё берип, жолду жол дебей камчы ура кыштакка дыр койду (Жусупов).