ООЗУНА ЭЭ БОЛО АЛБОО.
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Тизгинин тартып токтото албай ала качтыруу. Акия аттардын оозуна ээ боло албай, бээни арабанын огу менен койдурду (Сыдыкбеков). 2. Өзүн-өзү токтото албоо, оозуна эмне келсе, ошону ылгабай айта берүү. Оозуна ээ боло албагандан кийин, андай жерге барып эмне кыласың? – деп жемелей баштады («Ала-Тоо»).