Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Экинчи кайтарып сөз айта албоо, ооз ача албоо, жооп кайтарып сүйлөөгө мүмкүнчүлүгү болбоо. Чачтуу думананын оозуна кум куюлгандай болду («Ала-Тоо»). Оозуна кум куюлгандай болуп унчукпаганына ардыгып, ызаланып... темирдей ысык бирдеке анын өзөгүн куйкалап жиберди (Садыбакасов). В.: Оозуна күл куюлгандай болуу. Оозуна күл куюлгандай болуп, үндөгөн жок («Ала-Тоо»). Оозуна талкан куюлгандай болуу. – Сиз эмне көлөкөдөй ээрчип алдыңыз! – деди кыз. Жигит оозуна талкан куюлгандай болуп үч-төрт мүнөт унчукпай калды («Чалкан»). Оозуна таруу куюлгандай болуу. Оозуна таруу куюлгандай болуп, жер тиктеп тура берди (Жантөшев).