Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дайыма айтылуу, сөз болуу, эл арасында даңазалануу, унутулбоо. Айыл эли жеңүүчүлөрдү ооздон түшүрбөй жүрдү («Советтик Кыргызстан»). Армандуу зайып, бийкечтердин өз дилинен чыккандай сызылтып ооздон түшпөс даңазалуу ырларына айлантуусу мүмкүн (Бейшеналиев). Үйрөнүп, Байымбет байкебиздин казалы деп... кыз оюндарында ооздон түшүрбөй ырдап жүрсөк дейбиз (Бейшеналиев).