ООЗУ БАРБОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бирөөгө бир нерсени батынып, даап айта албоо, тарткынчыктоо. Курдаш деген сөздөн кийин Айнагүлдү байбиче деп айтышка Батийнанын оозу барбады (Сыдыкбеков). Алмакан апа элден мурун почтодон укса да айтууга оозу барбай, үйүнө ыйлап кирип кетти (Жусупов). ...Ашырбек нечен-нечен ич күптүүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок, ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп чукул келип калган аялын көздөй атырылтты (Акматов). Сурайын десем, оозум барбайт, корком (Айтматов).