Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Таң калуу, эмне экенин биле албай аңырайып тура берүү. Ошентип койсом, абышкам үрпөйүп, оозун ачып калыптыр (Айтматов). Таенеси да, Бекей таежеси да, кызын көтөргөн Гүлжамал да ооздорун ачып, жээкте турмак (Айтматов). Асмандагы жыбыраган жылдыздарга оозумду ача карап, делдиреп калыпмын (Жусупов). Байымбет кызык жомок тыңдагандай досуна оозун ача делдейди (Бейшеналиев).