Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөгө бир нерсени батынып, даап айта албоо, тарткынчыктоо. Курдаш деген сөздөн кийин Айнагүлдү байбиче деп айтышка Батийнанын оозу барбады (Сыдыкбеков). Алмакан апа элден мурун почтодон укса да айтууга оозу барбай, үйүнө ыйлап кирип кетти (Жусупов). ...Ашырбек нечен-нечен ич күптүүсүн кыйкырып жибере жаздап, бирок, ага оозу барбай ачуусун ошол тушта суу көтөрүп чукул келип калган аялын көздөй атырылтты (Акматов). В.: Оозу батпоо. «Жакшылык кабарбы?» деп сурашка Искактын оозу батпады (Касымбеков). Дөөттүн бул жоругун көргөндөр аны карып калды деп айтууга оозу батпайт (Осмоналиев). – Оозум батпай турду эле, датка! – деп калды (Касымбеков).