ООЗУНАН ТҮШҮРБӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Дайыма айта жүрүү, эскере жүрүү, эсинен чыгарбоо. Эми айылдагылар ...кадырлабай жүргөн Дуңкананы ооздорунан түшүрүшпөй кеп-сөзгө алышты (Жусупов). Эл ичинде Кулукеңди ооздорунан түшүрүшпөйт дешет ко, ошондойбу? (Мавлянов). Баягы арча челекти эрке токолго алып барып берди эле, тамак куйган сайын Ашырбайды оозунан түшүрбөс болду (Ш.Үмөталиев).