Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Даяр турган нерсесинен ажырап, эмне кыларын билбей аңкайып калуу, эмне кыларын билбей далдырай түшүү. Беш кишиге Адыкелер даай алышпай, оозунан алдырган бөрүдөй болуп аргасыз калышты (Сыдыкбеков). В.: Оозунан алдыргандай болуу. Оозунан алдыргандай болуп умсунуп калышты. Угарын укту го Адылбек, негедир оозунан алдыргандай болуп комулдай түттү (Өмүрбаев). Канча бир түшүндө оозунан алдыргандай комунган эле (Өмүрбаев). Оозунан жулдурган бөрүдөй болуу. Куралдуу сакчылар оозунан жулдурган бөрүдөй аң-таң аңырайышты (Бейшеналиев). ...Сайган байгелерин колдон келсе бүт алсак, оозунан жулдурган бөрүдөй болор эле (Осмоналиев). Оозунан алдырган бөрүчө. Оозунан алдырган бөрүчө далдырай түшкөн долонотулуктар дароо Бекниязды эстешет ошондо (Акматов). Оозунан жулдургандай болуу. Бир заматта оозунан жулдургандай болду да калды («Чалкан»).