ООЗУ ЖАП БОЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Сүйлөөгө, кеп айтууга даай албоо, жооп кайтара албай тим болуу, сүйлөй албай калуу. Айдайкандын оозу жап болуп, эшикти тарс жаап чыгып кетти (Убукеев). Бу Муса кайда жүрөт?– ...деди да, оозу жап болду (Убукеев). Ошону менен Мукандын оозу жап боло турган (Саатов).