Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кимдир бирөөнүн айткан кебине карата сенин айтканыңдай болуп калаар, айтканың туура чыгып калаар деп үмүт кылуу, ыраазы болуу маанисинде колдонулат. – Балким, агаң келип калар, оозуңда бардыр, айланайын («Ала-Тоо»). – Оозунда бардыр, адамдын оозунда болсо, алланын кулагында дейт (Ашымбаев).