Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Мактануу, курулай менменсинүү, көтөрүлүп сүйлөө. Ооз көптүрүп, Ойду ээрчиткен кур кыял, Ойлочу дос, Кайдан келсин көңүлгө? (Маликов). Ушу али да «мен Төрө менен Токтогулду айдатып», «тиги эле Курманжан датка өзү арага киши салса болбой»деп, оозун көптүрүп, мактаныч кылып жүрөт (Касымбеков). Күз келди, күз менен бирге Орозкул жайында көргөн сый-урматынын акысын, ооз көптүрүп берген убадасын, күзгө чейин деп алган карызын төлөөр учур келди (Айтматов).