ООЗУ МЕНЕН ОРОК ОРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Колунан эч нерсе келбесе да «бүтүрөм», «кыйратам» деп курулай опурула берүү, айта берүү. – Оозуңар менен орок оруп, тилиңер менен машак тере турган кокуй немелер экенсиңер! – деп, келин нааразыланды (Убукеев). Мага айтпагандын баарын айттырып, оозу менен орок оро бериптир (Жигитов). Ошол экөө биригип алып, оозу менен орок оргондой болсо, жиниң келет (Саатов). В.: Оозу менен оттоо. – Эмне деп оозуң менен оттоп турасың (Нурпеисов). Оюна келгенди оттоо. Оюңа келгенди оттоп жүрсөң максатың ишке ашпайт (Тойбаев). Садыр чындап мас болду. Ал оюна келгендин баарын оттоп жатты (Мырзаев).