Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын жана жан-жаныбарлардын тамактануучу мүчөсү. Ооздон чыккан сөз – колдон учкан куш (макал). Оозу күйгөн үйлөп ичет (макал). Алдында турган кесени оозуна ала коюп кайра Марусяга сунду (Сыдыкбеков). 2. Түрдүү идиштердин же нерселердин моюн жагындагы же уч жагындагы ачыгы. Чаргын чаначты, чымчып буулган оозунан тутамдай кармап, чайкай баштады (Сыдыкбеков). Чоордун оозун тазалап, тарта баштаганда, Каныбек Жуманын маңдайына отура калды (Жантөшев). 3. Короого, коктуга, капчыгайга ж. б. кире бериш жери; дарбаза; кире бериштеги ачык жер.