Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Ичине сыр сактай албаган, ачык ооз. Оозу бош жаным, кайдан божурап ийдим (Сыдыкбеков). Жамалкан эженин оозу бош (Абдукаимов). Балдар, мен төлгөнү бекер ачтырган экенмин, эми оозу бош киши айтпай тура албайт (Абдукаимов). 2. Чын ыкласы менен эмес, калп эле, ооз учунан гана. Анысы чын дечи, – деп оозу бош кобурады (Ашымбаев). – Келиңиз, – дедим оозум бош («Кыргызстан маданияты»). Кары чоочуркап тиктеп, оозу бош салам айтты (Касымбеков). Шакир Саяктын көңүлун улай, оозу бошураак унчукту (Абдыраманов).