Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Антип айта бербе, байкап сүйлө, абайла деген мааниде зекүү, кекетүү иретиңде колдонулат. Бала сен оозуңа кара! – деп четки отурган адам ага түсүн үйрүдү («Ала-Тоо»). Оозуңа кара, кемсинтпе! (Осмоналиев). В.: Оозуңа карап сүйлө! Оозуңузга карап сүйлөңүз, бай, – деди кайран бала жалтанбастан Мырзабекке (Баялинов). – Эмне дейт! Оозуңа карап сүйлө! Мен да сыйлуу конок (Эшмамбетов). Кой айланайын, сага эч ким теңелбейт, оозуңа карап сүйлө! (Бердикеев).