ООЗУ МЕНЕН ОРОК ОРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Колунан эч нерсе келбесе да «бүтүрөм», «кыйратам» деп курулай опурула берүү, айта берүү. – Оозуңар менен орок оруп, тилиңер менен машак тере турган кокуй немелер экенсиңер! - деп, келин нааразыланды (Убукеев). Мага айтпагандын баарын айттырып, оозу менен орок оро бериптир (Жигитов). Ошол экөө биригип алып, оозу менен орок оргондой болсо, жиниң келет (Саатов).