Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кандайдыр бир жакшылык же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат. Оозуңа май, айланайын, оозуңа май! Кана, окуп жиберчи! – деп Чотур сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей турду (Абдукаимов). – Оозуңузга май, атаке, айтканыңыз келсин, – деди жаңы көздүн ээси (Касымбеков). – Оо, оозуңа май, айланайын! Ме! Ме! – деп, жанында эбактан бери жүргөн акчаларын сүйүнчүлөп келген балага үстү-үстүнө чача карматып... (Медетов).