ООЗДУН ЖЕЛИ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ооздон бир чыгып кеткен сөз, куру бекер айтылган, ишке ашпай турган кургак сөз. Башка көрө албаган жат көздөр ооздун жели, куру мактаныптыр деп жорушар (Жусупов). Менин оозумдун жели колум менен дароо чукталат (Бейшеналиев). В.: Ооз жели. Далай касиети артык манасчылардын керектүү чыгармалары ооз жели, өз башы менен кетти да, унутулду (Бейшеналиев). Бирөөгө кыямат... түйүнү табылбас туюк нерсе, бирөөгө опоңой ооз жели менен чечилет (Бейшеналиев).