Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колунда бар болсо да дайыма «жок» дей берүү, «жоктон» башканы айтпоо. Мына азыр үрүмдөн табылбас малды алдыга жайып коюп олтурсам, ооздорун куу чөп менен аарчышат (Айтматов). Сансыз малдуу Сараңбай «жок», «жок»деп оозун куу чөп менен аарчый берип, акыры бүт байлыгы ташка айланып калгандай, дурус чыгарманы каралап, аны жокко чыгаргандан башканы билбеген сынчынын артында кандай эмгек калат? («Кыргызстан маданияты»). Качан болсо, оозуңду куу чөп менен аарчып жүрөсүң (Байтемиров). В.: Оозун куу чөп менен сүртүү. Андайда бир гана сары эсеп оозун куу чөп менен сүртпөсө, Сыдыйың жылаңач баатыр эмеспи («Кыргызстан маданияты»). Оозун куу чүпүрөк менен аарчуу. Оозуңду куу чупүрөк менен аарчыбай көрсөтүүчү сыйың болсо алып чык, келиндер жарыша сүйлөдү («Кыргызстан маданияты»).