ООЗУН АППАК КЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан катуу кагып, такыр унчукпас, сүйлөгүс кылуу, жаагын жап кылуу. Булардын кармайм деген колун кагып, сүйлөйм деген оозун аппак кылып басып кетиптир (Абдукаимов). Атама каршы чыгып оозун аппак кылайын деген элем, раистин көз ымдап, эрдин кысканынан улам унчукпай калдым (Жантөшев). Таабалды кайратына келе түшүп, мырзалардын оозун аппак кыла баштады (Бектенов).