ООЗ УЧУНАН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Анча көңүлдөнбөй, чын пейли менен эмес, кайдыгер гана. Тигил кишинин атын алгыла! – деген болуп ооз учунан урмат көрсөтүп коюшуп, өздөрү бой көтөрүшөт (Сыдыкбеков). Келген экөө ооз учунан Акбар менен эсендешти да, бел чечпестен калдая тарта орун алышты (Убукеев). Кээ бир учурларда маалымдуулук жана кайра куруу деген сөздөр ооз учунан айтылып жаткандай сезимдер пайда болуп жатты. В.: Ооз учу менен. Серкебай Алымбектин кунун төлөп берүүгө ооз учу менен макулдук берип, баш ийкеди (Осмоналиев). Анын ооз учу менен айткандары аялы менен балдарынын кулак учунан кетти (Каимов).