Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кандайдыр бир жакшылык же жакшы кабар жөнүндө билгизген кишиге карата сүйүнүү, толкундануу менен алкоо маанисинде колдонулат. Оозуңа май, айланайын, оозуңа май! Кана, окуп жиберчи! - деп Чотур сүйүнгөнүнөн эмне кылаарын билбей турду (Абдукаимов). - Оозуңузга май, атаке, айтканыңыз келсин, - деди жаңы көздүн ээси (Касымбеков). -Оо, оозуңа май, айланайын! Ме! Ме! -деп, жанында эбактан бери жүргөн акчаларын сүйүнчүлөп, келген балага үстү-үстүнө чача карматып... (Медетов).