ооз
Толковый словарь кыргызского языка (1969) зат. 1. Адамдын жана жан-жаныбарлардын тамактануучу мүчөсү. [Мышык] оозун чоң ачып керилип алды (Сыдыкбеков). Алдында турган кесени оозуна ала коюп кайра Марусяга сунду (Сыдыкбеков).
2. Түрдүү идиштердин же нерселердин моюн жагындагы же уч жагындагы ачыгы. Чаргын.. чаначты, чымчып буулган оозунан.. тутамдай кармап, чайкай баштады (Сыдыкбеков). Чоордун оозун тазалап,.. тарта баштаганда, [Каныбек] Жуманын маңдайына отура калды (Жантөшев).
3. Короого, коктуга, капчыгайга ж.б. кире бериш жери; дарбаза; хире бериштеги ачык.
♦ Ооз тийүү — даам татуу. Түшүңүз. даам ооз тийиңиз! (Каралаев). Оозун жыйып алгыча — жаңы эле сүйлөп бүтөрү менен, сүйлөп бүткөнчө. Ал киши оозун жыйып алгыча, алачык ичи жарк этти (Жантөшев). Жүрөгү оозуна тыгылуу — катуу коркуп кетүү. Ачкыччы калтырады, көзү алайып, жүрөгү оозуна тыгылды (Жантөшев). Кур ооз же куру ооз — эч нерсе жебестен, тамак-аш ичпестен; тамак бербей. Ооз кесир — опурула, мактана сүйлөгөн сөз; опурулган курулай мактанычтык. Ооз кесирсиз — айтты-койду дебестен; сөзсүз. Тил-ооздон ажыроо — сүйлөбөй калуу. [Итике] көпкө чейин тил-ооздон ажырап, эмес айтарын билбеди (Убукеев). Оозум таптоо — сүйлөй турган болуп баруу, сүйлөп жибергиси келүү. Шарип дагы бирдеме айтуучудай оозун таптап барып, ичинен күңгүрөнүп тим болду (Бейшеналиев). Оозуна май — жакшы кабар айткан кишиге карата алкоо иретинде колдонулат. Оозуна май, садага! (Сыдыкбеков). Оозуна таш — жаман кабар же жагымсыз сөз айткан кишиге карата зекүү иретинде колдонулат. Бекер ооз — орунсуз, көп сүйлөгөн, кеп кылып сүйлөй бергенди жакшы көргөн. Мыскалдын келишин бекер ооз аялдар ушундай эрмектешти (Сыдыкбеков). Ооз көптүрүү — мактануу, курулай менменсинүү, көтөрүлүп сүйлөө. Ооз көптүрүп, Ойду ээрчиткен кур кыял, Ойлочу дос, Кайдан келсин көңүлгө? (Маликов). Ооздон оозго өтүү — элге жайылып кетүү, биринен бирине өтүү, таркоо. Оозу бош — айтууга болбой турган же жалпы эле айтылган сөздөрдү ичине сактай албай айтып коюучу, ичине сыр сактай албаган. Оозуна ээ боло албоо — 1) тизгинин тарта албай ала качтыруу. Акия аттардын оозуна ээ боло албай,.. бээни арабанын огу менен.. койдурду (Сыдыкбеков). 2) өзүн-өзү токтото албоо, оозуна келгенди сүйлөй берүү. Оозу катуу — баш бербеген, тизгин тартууга оңой менен көнбөгөн (жылкыга карата). Оозу катуу жорго. Оозун коё берүү — катуу чаап жөнөө. Каныбек менен Темир аттарынын оозун коё берип, кандай темингендерин байкабай да калды (Жантөшев). Кой оозунан чөп албаган к. кой I. Оозунан алдырган бөрүдөй болуу — даяр турган нерсесинен ажырап калуу, аңдоостон алдырып, күтпөгөн жерден колундагысынан ажырап аңкайып калуу. Оозуна таруу (күл, кум) куйгандай болуу — ооз ача албай, сүйлөй албай калуу, жооп кайтара албоо. Эки оозунун бири — кайра-кайра кайталап сүйлөй берүү, улам айта берүү. Башкарманын өзү баш болуп эки оозунун биринде эле мени «аксакал» деп калышты («Советтик Кыргызстан»). Бир ооз болуу — бирдикте болуу, бирин-бири колдоо. Баарыңар бир ооз болгула (Жантөшев). Кер ооз к. кер II. Бир ооз сөз — бир аз сөз, анча-мынча сөз. Ашык бир ооз да сөз кошконум жок (Байтемиров). Бир ооздон — бир добуштан, эч ким каршы болбостон, эч ким каршы чыкпастан. Бир ооздон кабыл алуу. Ооз жүзүндө — 1) оозеки; 2) иш жүзүндө эмес. Ооздон түшүрбөө — дайыма айта жүрүү. Ооз ачуу к. ач II. Ачык ооз к. ачык I. Оозун кармануу — өкүнүү, арманда калуу. Бактысы баштан тайганда, «Аттиң» деп оозун карманат (Осмонкул). Оозго кирүү же оозго алынуу — белгилүү боло баштоо, таанылуу, айтыла баштоо. Эл оозуна кирип, көпчүлүккө таанымал болуп калышты («Советтик Кыргызстан»). Көр оозунда к. кер I. Чөп ооз к. чөп. Оозун куу чөп менен аарчуу к. чөп.