бар I 1. имеется, есть; наличие чего-л.; атам, энем бар болсун, оозу, мурду жок болсун погов. шутл. отец, мать пусть у меня будут, рта и носа пусть у них не будет (так говорят старики, когда их угощают, шутливо намекая на то, что дело стариков - приготовить, а есть должна молодёжь); бар болгону всё, все; колумда барым всё, что я имею; всё, что у меня есть; күчүнүн барынча со всей силой; употребляя всю свою силу (какая есть); бары-жогун вин. п. 1) всех их; 2) всё, что у них было; бары-жогунан айрылды он лишился всего, что имел; барыкан жогу чем такой, лучше никакого; алардын бар максаты... единственная их цель...; бар бере турган акчам ушул вот это все деньги, которые я могу дать (которые у меня имеются); бар көрө турган күнүм ушул вот моя жизнь (как она есть - не лучше и не хуже); бардан жок болду было, да нет; было, да сплыло; маа эмне бар? 1) а для меня что есть? 2) а меня-то зто с какой стороны касается?, мне-то какое дело? 2. (чаще колунда бар) имущий, богатый; базар - барга таттуу, жокко - ачуу погов. имущему базар сладок, неимущему - горек; колунда бар киши состоятельный, зажиточный, богатый человек; бар бол (уңуздар) ! будь (те) здоров (ы) !; спасибо! (ответ работающего на приветствие или ответ на доброе пожелание); эсендик сураганың бар болсун! спасибо тебе за пожелание здоровья! (ещё прим.см.ары- III); бар бол, уулум бар бол! спасибо, сынок, спасибо!; барсыңбы? шутл. ты ещё жив? нин -ни (си) бар не все одинаковы, не все на один покрой; кишинин кишиси бар не все люди одинаковы, человек человеку - рознь; аттын аты бар есть лошадь в лошадь; лошадь лошади - рознь; жок-барды сүйлөш см.жок. бар II то же, чтопар I; сулуу кызга бар келер кызыл жибек кырмызы стих. красивой девице к лицу ярко-красный шёлк. бар III (или бар-бар) подражание крику на басовых нотах; бала жерде туйлады, бар-бар этип ыйлады фольк. (новорождённый) ребёнок (богатырь) на земле брыкался и басом плакал (ещё прим.см.каканак). бар- IV 1. двигаться (идти, ехать, плыть, лететь), отправляться (удаляясь от говорящгго или минуя его); бүгүн мектепке барбайсыңбы? разве ты сегодня в школу не пойдёшь? мектепке да барам, киного да барам я и в школу пойду, и в кино пойду; сиздердикине барганда ичейли да жейли, биздикине келгенде - ырдайлы да ойнойлу погов. когда к вам пойдём, будем пить и есть, (а) когда к нам придём, будем петь да играть; барбаган жери калбады не осталось такого места, куда бы он не ходил; он исходил всё; ал узак барган жок он недалеко ходил (ездил); өмүрү узак барган жок его жизнь была недолговечна; он недолго прожил; барып кел- сходить (пойти и прийти), съездить (поехать и приехать); магазинге барып келчи сходи-ка в магазин; сууга барып келди он сходил по воду; барганы кет- отправиться, чтобы прибыть куда-либо; барганы кетти Ажыбай фольк. Аджибай отправился; кирип барганда когда он вошёл (туда); Каныбек Ажардын артынан бара жатканда Ажар кулап кетти когда Каныбек шёл сзади Аджар, Аджар упала; 2. в роли вспомогательного глагола: 1) в деепричастиепрош. вр. другого глагола означает, что действие или состояние всё более и более нарастает или всё более и более отдаляется; муунум бошоп, чыдай албай бара жатам я не в состоянии далее терпеть; терек жыгылып баратат тополь падает (туда); 2) с деепричастиенаст. вр. другого глагола означает, что действия совершаются, сопровождая одно другое; атаңа айта бар когда пойдёшь, скажи твоему отцу; бул атты колхозго ала бар эту лошадь захвати (с собой) в колхоз; бара-бара постепенно (о времени); бара-бара ал сезимдер биротоло жоюлду те чувства у него постепенно исчезли; барып турган в высшей степени; наи...; барып турган акмак дурак из дураков; барып турган душман заклятый, злейший враг; сага менин колум барбайт на тебя у меня рука не поднимается; айтууга оозу барбайт он не осмеливается сказать, у него не хватает смелости сказать; барган сайын см.сайын I.
Iмод.1. Бир нерсенин болушу, жок эместиги. Эркектен менден кичүү иним бар (Сыдыкбеков). «Жок, ушул жерден эле кетем, Сизде бир аз жумушум бар» (Шүкүрбеков).
2. өт. Бай, жетиштүү, оокаттуу. Колунда бар кишиге мындай чыгым кеп эмес («Ала-Тоо»). Бардын малын чачты, жоктун абийирин ачты. БАРIIат. Бардык, бүткүл. Баарланып көз кайкыттың мелтиреп, Бар жагыңды кандай акын келтирет (Маликов).
БАРIIIэтиш.1. Жөнөө, кетүү, жүрүү, багыт алуу. Туура барып көрмөк болдук биринчи, Чөлгө бүткөн канттын жаңы калаасын (Аалы). Атаң барып жоо жеңип, Элдин жазат капасын (Нуркамал).
2. өт. Толуу, чыгуу, келүү. Адигине, Өмүрбек Сексен бир жашка барЫптыр (Токтогул). Эл көзүнө жеңилттиң, Элүү бешке барган жаш (Токтогул).
♦ Барыптурган — жеткен, аябаган. Барсакелбес — катташы эң эле кыйын, жолу катаал. Барса келбес жер.
бар- бара-бара бара бер- (баравер- эмес) бара кет- (барагет-эмес) бара гой- (барагой-эмес) бара көр- (барагөр-эмес) бара тур- (баратур-эмес) бара элек- (барелекэмес) барып турган (жеткен)
1. Бир нерсенин болушу, жок эместиги. Эркектен менден кичүү иним бар (Сыдыкбеков). Барга мактанба, жокко шашпа (макал). 2. өт. Бай, жетиштүү, оокаттуу. өлүм бардын малын чачат (макал).
Бардык, бүткүл. Байкап турса Ала-Тоо, Бар илбесин чубаган («Эр Табылды»). Баарланып көз кайкыттың мелтиреп, Бар жагыңды кандай акын келтирет (Маликов).
1. Жөнөө, кетүү, жүрүү, бир жакты карай багыт алуу. Кош, Жеңиштай, аман барып, аман кел, Тааныш болсун талабыңа далай жер (Осмонов). Капчыгайды шаңга салган Эр паровоз бараткан (Бөкөнбаев). Айтпады бир жол дебесин, Алдыңа өзүм барайын («Манас»). 2. Белгилүү бир куракка, жаш чегине жетүү, толуу. Эл көзүнө жеңилттиң, Элүү бешке барган жаш (Токтогул). Жашың сегизден жаңы ашты. Сексен жашка бараткан менден көптү биле баштадың (Сыдыкбеков). 3. Терс формада: барба. Батынбоо, киришпөө. Калганы деле жетишет, Эми уурулукка барбагын (Шүкүрбеков). 4. Көмөкчү этиштин милдетин аткарат. Куруган картаң кемпир-чал, Кучактап барып жыгылды (үсөнбаев). Кудайназар абаңдан, Акыл чыкпай баратат («Эр Табылды»).
бара I ир. 1. часть, кусок; осколок; көргөн көздүн карасы, жүрөгүмдүн барасы фольк. (ты) зрачок моего глаза, кусок моего сердца; 2. взятка; бара же- брать взятки; бара бер- давать взятки; бүкөн-бара см.букөн. бара II ир. лопасть; тегирмендин барасы лопасть (крыло) мельничного колеса; тилим турар сүйлөнуп, сууга жургөн барадай стих. язык мой говорит (так же быстро и непринуждённо), как лопасть, движимая водой. бара III ир.южн. мерлушка. бара IV не бара жок см.не I.
Iзат. Бир нерсени айландыруу, кыймылга келтирүү үчүн колдонулган тиштүү же жалпак калакчалуу дөңгөлөк. Тегирмендин барасы. Толкун болот деңиз үстү, Токтотпогун бараңды (Аалы).
БАРАIIзат. диал. Козунун майда тармал көрпөсү. Башың сындуу көрүнөт, Кара бара бөрк менен (Барпы).
БАРАIIIтуурасы: пара.
Бир нерсени айландыруу, кыймылга келтирүү үчүн колдонулган тиштүү же жалпак калакчалуу дөңгөлөк. Тегирмендин барасы. Толкун болот деңиз үстү, Токтотпогун бараңды (Токомбаев).
силуэт, контуры предмета; очертания виднеющегося вдали предмета; сүйлөгөнү - аткан ок, барааны жандан башкача фольк. его речь - пущенная стрела, его внешность - как ни у кого; кыз Куялы - эр балбан, барааны тоодой көрүнүп фольк. девица Куялы -богатырша, её силуэт кажется горой; барааныңды көргөндө байкуш жүрөк зырпылдап фольк. когда видишь твой силуэт, бедное сердце трепещет; бараан бол- быть подмогой (увеличивая собою численность); урушпасаң да, бараан болуп бер ты можешь не драться, но будь на моей стороне (для вида); асыл досум, тилимди ал, бараан болгун, бел болгун фольк. дорогой друг, послушай меня, будь на моей стороне, будь опорой.
неясно виднеться, проступать; виднеться (о силуэте, очертаниях предметов); маралдан бөлөк малдан жок, бараандап чыгар жандан жок фольк. кроме оленей, нет ни души (букв. нет никакого скота, нет человека, силуэт которого показался бы).
видный; большой; многочисленный; бараандуу бою его огромное тело; айдап келаткан жылкысы бараандуу он гонит большой табун коней; бараандуу кол многочисленное войско.
1.Чыгаан, бардык жагынан өөдө турган. 2. Барып турган чечен, билгич. Бир мүнөз «сынчы» деген билим болгон, Байкаса бир аспаптуу илим болгон. Бул мүнөз барааттуу жандан чыккан, Сынчы деп бул адамга атак конгон (Тоголок Молдо).
барабан; барабан как- или барабан ур- или барабан чал- бить в барабан; барабанды чалды эле, сурнайын беш сапар бек кыйкыртып алды эле фольк. он ударил в барабан и пять раз извлёк из зурны громкие звуки.
зат.1. Эки жагы жаргак менен капталган, ургулап ойной турган цилиндр формасындагы музыкалык инструмент. Барабан Сырганын көзүнө куду дарбыздай болуп, Омордун колтугунан көрүнө түштү (Сыдыкбеков).
2. тех. Цилиндр формасындагы ар түрдүү машиналардын жана механизмдердин деталы.
1. Эки жагы тең жаргак менен капталган, цилиндр сыяктуу ичи көңдөй,уруп ойноочу музыкалык аспап. Алымкулдар эшиктин алдына келгенде, барабан кагылып, пионердик салтанаттуу марш ойнолду (Жангазиев). 2. тех. Ар түрдүү машиналардын жана механизмдердин цилиндр формасындагы деталы.
(анат.) добулбас шатысы; кулактын добулбасынын ичиндеги бир тетик. Б. перепонка — кулак тарсылдагы, сырткы жана ортонку кулактын ортосундагы солкулдак жаргак; б. полость (гист.) — добулбас көңдөйү, ортонку кулактагы бир орган; б. струна (гист.) — добулбас кылы, добулбастын ичинде, табыш толкунуна дирилдеп туруучу кыл; б. трубка (гист.) — добулбас түтүгү, сырткы кулактан добулбаска кирүүчү түтүк.
ир. равный, одинаковый; күчү саа барабар он по силе тебе равен; аял, эркек барабар фольк. мужчины и женщины равны; эркек менен барабар тең окутуп аялды фольк. женщин обучают наравне с мужчинами; жеке Төштүк өз башы, тогуз миң уулга барабар фольк. один (богатырь) Тоштюк (по силе) равен девяти тысячам молодцев; нормолоруп эки барабар орундап келе жатат свои нормы он перевыполняет вдвое.
Акырындык менен, улам барган сайын. Бара-бара баягы Жылдызкандын уяңдыгы жоголуп, такылдап сүйлөй турган болду (Байтемиров). Бара-бара үйлөр көбөйүп, шаарга айланат (Бөкөнбаев).
БАРАЙЫЗ (арабча бе — айиз — акындардын ырларынан бириктирилген жыйнак) — жай ташты сууга салып күн жайлоо учурунда айтыла турган дубанын түрү. Негизги варианттарда Алмамбет күн жайлаганда айтылат:
Касыйдадан кат окуп,
Калмакча кара дуба жат окуп,
Барайыздан бат окуп,
Бачымыраак жат окуп (Сагымбай Орозбаков, 3. 150).
Эпостогу бул сүрөттөө касиеттүү эсептелген ар кайсы диний китептердеги дубалардан окуса жаан-чачын болуп, борошо түшөт деген элдик магиялык ишенимге ылайык айтылып жатат.
барак I 1. лохматый, косматый, с длинной шерстью; барак ит длинношёрстная собака; барак кулак ат лошадь с лохматыми ушами (т.е. непородистая лошадь); барак эл миф. волосатый народ; илгери барак эл болот дечү эле, туда боюн түк баскан фольк. в прежние времена, говорят, был народ барак, всё тело его покрыто волосами; 2. южн. тучная земля; барак челек деревянное ведро, бадья. барак II ар. 1. лист (бумаги); 2. перен. страница; тарыхка эң сонун жаңы барактарды жазды он вписал в историю новые славные страницы; аткаруу барагы юр. исполнительный лист. барак III барак.
Iзат. Китеп, дептердин же кагаздын бөлөк-бөлөк тилкеси. Жүз барактан турган китеп. Эки барак кагаз. БАРАКIIзат. Убактылуу туруу үчүн жеңил-желпи тургузула койгон жыгач үй. Токтогулдар жаткан баракка орус революционерлери да келишти (Бөкөнбаев).
БАРАКIIIсын. Узун тармал жүндүү; апсайган. Барак ит. Барак жүндүү.
Дептердин, китептин ж. б. бөлөк-бөлөк тилкеси. Китепти ортолоп келгенде баракты ачып алса, Динардын көзүнө бир сүрөт укмуштуу болуп көрүндү (Сыдыкбеков).
Убактылуу жашай туруу үчүн жеңил-желпи салынган үй. Барактын сууктугу эшиктикинен кем эмес (Сасыкбаев). Барактардын ар бир бөлмөсүндө элүү-алтымыштан киши жатат (Абдукаримов).
ар. (или жай баракат или жайбаракат) спокойно, в полное своё удовольствие; благодушно; в блаженстве; үйүндө ыракаты жоктун, талаада кош баракаты бар погов. кому дома покоя нет (напр. жена сварлива), тому в поле двойное блаженство; аны жай баракат, шашпай мээледи он нацелился в него спокойно, не спеша; баракатта жат- пребывать в покое, блаженствовать.
сырд. Кубаттоодо, мактоодо, ыраазы болууда же кекээрлеп какшыктоодо айтылат. —Баракелде, балам!— деди жашын кылгыртып унчукпай олтурган узун кара киши (Аалы). —Бах! Баракелде совет элинин күчүнө! — деди Жапар (Баялинов). Калпыңа баракелде! (Сыдыкбеков).
page setup (noun)
A group of settings that affect how a file is printed on the page. Includes paper size and orientation, page margins, headers and footers.
разг. то же, чтопароход. баракта- листать, перелистывать; дептер баракта-перелистывать тетрадь; окубасам да, барактап көрөйүн если читать не буду, то (хотя бы) полистаю.
Iэтиш. Барактарды биринин артынан бирин ачуу. [Сабыр] Динарчылап чалкалай олтуруп, китеп барактап калчу (Сыдыкбеков).
БАРАКТАIIэтиш. Барак-барак этип, буркан-шаркан түшүп кайноо.
Китептин, дептердин барагын, бетин ачуу. Китептерди жай барактап, жай коюп, Жазып жатат, жазып жатат, жадабайт (Токомбаев). Динар сүрөт издеген кишиче тез-тез барактады (Сыдыкбеков).
page header (noun)
One or more identifying lines printed at the top of a page. A header may contain a page number, a date, the author's name, and the document title, the name of chapter.
page footer (noun)
One or more lines of text in the bottom margin area of a page. A footer may contain elements such as the page number, the name of the file, or the date.
page break preview (noun)
A worksheet view that displays the areas to be printed and the locations of page breaks. The area to be printed is displayed in white, automatic page breaks appear as dashed lines, and manual page breaks appear as solid lines.
зат.1. Кичинекей барак. Баракча кагазды колуна жаза кармап, Сеитов алдыга өттү (Сыдыкбеков).
2. саяс. Көбунчө саясий мазмундагы кичине брошюра, китепче же барак кагаз.
♦ Күжүрмөнбаракча — мыкты иштегендердин жана начар иштегендердин күндөлүк ишин чагылдырып көрсөтүүчү дубал газетасынын бир түрү. Колхоздун баштапкы партиялык уюму.. күжүрмөн баракчаларды чыгарып турат («Коммунист»).
1. Кичинекей барак. Баракча кагазды колуна жаза кармап Сеитова алдыга өттү (Сыдыкбеков). 2. Басмага басылган же кол жазма түрүндөгү көбүнчө өз учурунун жетилген саясий маселелерине арналган барак. Марфа кайсы бир учурларда бетинде басма жазуусу бар баракчаларды Ашырга жашырып берип туруучу (Сасыкбаев). Андрей баракчалар таңгагын ортого таштады (Сасыкбаев).
1. зрелость, возмужалость; баралга кел- или баралга жет- быть в полной силе, достигнуть зрелости, достигнуть расцвета сил; баралына келбей өлдү он умер преждевременно; 2. возраст; ...баралында в возрасте...
1. Бойго жетип, күчү толуп турган мезгил, жетилип, толукшуп турган учур, эр жеткен кемел. Барамын мекенимди коргоо үчүн, Баралым толуп турган, колдо күчүм (Нуркамал). Окуунун кенчин ача бер, Келди мына баралың (Токобаев). Сен анда баралыңа жетип, толуп турган күчтүү аялсың (Айтматов). 2. Курак, белгилүү бир жаш мезгили, кемел. Кенжебиз ушул Алымбек, Баралы быйыл он жашта (Токобаев).
(паранда) Канаттуу жан-жаныбарлар. Эпосто көбүнчө илбээсин, суу куштары, же майда канаттуулар маанисинде жолугат. Баранды бар, чаранды («Манас» С. О.).
(Ovis) койлор, кулжалар, аркарлар; бакма жана жапайы койлордун, кулжалардын уруусу, буларга кыйла түрлөр кирет: баран голубой (Pseudois nayaur) — когуш кой сымак, б. горный (самка) — аркар, б. горный (самец) — кулжа, б. гривистый (Ammotragus lervia) — жалдуу кулжа, б. домашний — к. Овца домашняя, б. закавказский (Ovis ammon gmelini) — сыйда мүйүз кулжа, б. круглорогий — к. б. түркмөнский; б.-пробник (домашний) — кочкорок; б. производитель (домашний) — кочкор, б. снежный (Ovis canadensis) — дуңгул мүйүз кулжа, б. түркмөнский (Ovis ammon cycloceros) — жумуру мүйүз кулжа, түркмөн кулжасы, б. Тянь-Шаньский — к. Архар тянь-шаньский, б. эльбурсский (Ovis ammon orientalis) — Эльбурс кулжасы.
бараң I ир. (в эпосе) пистонное ружьё (в отличие от кремнёвого и фитильного; встречается с различными определениями: ак бараң, көк бараң, кара бараң, сыр бараң - такие определения, видимо, объясняются внешней отделкой ружья); бараң эмес, милтелүү кара мылтык не пистонное, а простое фитильное ружьё; Алмамбеттин сыр бараң айдалыга илди эми фольк. блестящее ружьё (богатыря) Алмамбета он повесил за плечо. бараң II ир.уст. сорт лёгкой материи; бараңдан кылган көк чепкен фольк. из бараң'а сшитый синий чепкен (см.); кашгардын бараң чепкени плотная кустарная хлопчатобумажная ткань. бараң III таш бараң см.ташбараң. бараң IV парное күрүң, үрөң (см.үрүң) и к ирең (см.ирең II).
Iзат. эс. Милте менен эмес, пистон менен атылуучу эски мылтык.
БАРАҢII:үрөң-бараңжеирең-бараң — таң атып келаткан учур, көзгө нерселер элес-булас болуп көрүнгөн маал. Иреңбараң таң сөгүлгөн, Чолпон чогу төгүлгөн (Бөкөнбаев). Ала-Тоо көшүлүүдө. Аскалары үрөң-бараң тартып, каалгып үргүлөшөт (Сыдыкбеков).
БАРАҢ (арабча-иранча — паранги, франки) — мылтыктын аты. Милте менен от алдырган сайлуу мылтыктын бир түрү. Эпосто Б. «ак бараң», «сыр бараң» формаларында да сыпатталат. Б-дын түпкү теги «Франк мылтыгы» менен байланышып, ал адегенде түндүк Африкага, андан Алдыңкы Азияга, ошондой эле Орто Азияга (өзбектерге — фаранги милтик, кыргыздарга — Б. формасында) таралып, жоокерчиликте жана мергенчиликте урунган. Эпостогу «милтелерин чоктошуп, мылтыктарын октошуп» деп сүрөттөө милте коюп, дарысы, огу оозунан дүрмөттөлүп атылма Б. мылтык жөнүндө кабар берет. Б. «Манас» эпосунда башка жоо куралдары сыяктуу эле кеңири планда сүрөттөлөт. Азыр Б. мылтыгы музейлерде гана кездешет, к. Аккелте.
БАРАҢ (арабча-иранча — ференг, паранги) — этноним. Орто кылымдарда мусулман чыгышында элдер европалыктарды ушундай аташкан (байыркы европалык этноним «франктын» өзгөртүлүп айтылышы). Эпосто кыргыздардан алыста жашаган эпикалык эл катары айтылат. Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас бараң каны Балтаматты жеңгени өзүнчө чакан эпизод катары сүрөттөлөт. «Көкөтөйдүн ашында» бараңдын канына да башка элдер менен катар кабар айтылат. Молдобасан Мусулманкуловдун вариантынын «Семетей» бөлүмүндө Семетей менен араздашып, андан өч алууну ойлогон Чынкожо бараңдын каны Балтаматка жөө тентип барып, кызматын кылып, ишеничине кирип, алты жылдан кийин канаттуу кара атын, алты атар мылтыгын уурдап качканы айтылат. Саякбай Каралаевдин вариантында «маңдайында бараң бар, балталашчу душман далай бар» — делип кыргыздын жоосу катары эскерилет.
«Балдары бараң аткан жер, Баракатта жаткан жер» (Токтогул). Бул — оозунан дүрмөттөлгөн, найы узун сайлуу, шыйрактуу мылтык, усталардын колунан чыккан кыргыз мылтыгы. Шыйрак коюлуп, сай чыгарылат. Мунун илгери «алма баш», «көк жал», «тыргоот», «ак бараң», «чаар бараң», «алты сай», «кара келте» өңдүү түрлөрү болгон. Бараң ар кандай формада, узун-кыска жасалышына карата мына ушундайча айтылат. Мылтык үчүн темирдин орточо жашыгы керектелет. Бирок, бараңдын түтүгүнүн (стволу) учуна төрт элидей ак курч темирден улап ширеткен. Дары тээп, окту чыгарып баратканда ошол ак курч темирге жеткенде музга тайгандай ок ого бетер катуу тебе чыгат. Атылган ок алыс учушу үчүн, ошентип, мылтыктын учун тарттыра жасайт. Бараңдын түтүк темиринин ичине оңдон-солго карай эки-үч айлантып, сай салат. Бул буралып, октун окторулуп алыс кетээрине шарт түзөт. Демек, адегенде темирди карышкарыш кертип, текши кетип, аларды жалпак чозуп алат. Мунун калың-жукасы бирдей келет. Катуу темирди төрт эли жумуру жасап, анын ийилбеши үчүн сугарып алат. Темирдин узун-кыскасына карай жалпак чозгон темирди шакекче кылып кызартып, ошол төрт эли темирге орнотот. Темирдин узун-кыскасына карай төрт эли темирден 8—9—Юго чейин жасап алат. Буларды көрүккө салып, бири-бирине улай кынтыксыз ширетет. Албетте, буга өтө таптуу чычырканактын жана арчанын көмүрү гана жарайт. Мунун ичин эки жаак тепме өгөөнү темир сүмбөнүн (мылтыктын темир түтүгүнүн сайын тазалай жана майлай турган курал) башына ороп алып, ичин түздөө үчүн, ушинтип тартат. Ичин биротоло жыпжылма кылышка кум сүргү тартылат. Оттук ташты, май ташты, чарык ташты, кайрак ташты таап алып, аларды аралаштыра майдалап, ага аз-аз айнек кошуп, торко электен өткөрөт. Муну колдон жасалган сары желим менен кездемеге «ичирет», ширетет. Табылгыдан, ыргайдан мылтыктын ичине кенен баткыдай сүмбө жасалат. Тигил кум сүргүнү ушунун быдырлуу башына ороп, анын ичине кум сүргү тартат. Мылтыктын ичине сүрүлүп-чийилип баткыдай үч кыр өгөө калыбында курч темирден сай салгыч жасап, мунун кырын анча-мынча тектир кылат. Тектирдин башын оңго-солго бир тарапты көздөй бурап коет. Эми он чакты кыска темир сүмбөдөй калтекче жасап, аны түтүкчөнүн ичине жеңил балка аркылуу бири-бирине куудуруп-шишкектетип уруп отурат. Түтүктүн башына чыкканда анын ичине кадимкидей сай түшүп калат. Анан эки ачакей темирден тепме сүмбөнүн (бүлөө ташты торко элекке элеп, желимге ичирип алуу) башына ороп, түтүктүн ичин бүлөгөндө ал жылтылдай түшөт. Ал жеңил жана бышык болгондуктан кызыл табылгыдан тандалат. «Келтенин огу кетпеген, Бараңдын огу батпаган» («Сейтек») — деп айтылат. Бараңдын кундагы, шыйрагы ыргай менен чыргайдан (ал көк жашыл келип, ыргайдан айырмаланат) жасалат. Мылтыктын башына оолан толгойт. Башы бурама келип, бир башын бурама аркылуу кундакка чебер бекитет. Ооландын жалына чүрпө салынат. Мунун түтүкчө тешигинин башына мистөөн бекийт. Ага туташ келип, жаак жатат да, бириктирген бараңдын балкасы орун алат. Алдында илгич болуп, аны шыкаалап тартканда балка мистөөндү чабат. Мистөөн от алып, дарыны күйгүзүп, ал окту айдап чыгат. Анан усталар чарык жип менен тактайга кадимки танап тарткандай түп-түз кароол жасайт.
милте менен от алдырып атылуучу эски кара мылтыктардын бир түрү. Айныбас мылтык ак бараң. («Манас» С. О.). Маңдайында бараң бар («Манас» С. К.). Арта салып бир ташка, Бараңды турду белендеп («Манас»). Асынган бараң мылтыктуу, Адам келди өргөөгө («Эл адабияты»).
Үмүт кылар, бел байлар, ишенер эч нерсе жок. Канчалык ойлонсом да жолум туюк... Барар жер, басар тоом жок, менин көзүмө эч нерсе көрүнбөйт (Жантөшев). -Кагылайын Батийна, өзүм алсыз экем, барар жер, басар тоо жок, айлам кетип турат, маа капа болбо, садага? (Сыдыкбеков).
Үмүт кылар, бел байлар, ишенер эч нерсе жок. Канчалык ойлонсом да жолум туюк... Барар жер, басар тоом жок, менин көзүмө эч нерсе көрүнбөйт (Жантөшев). – Кагылайын Батийна, өзүм алсыз элем, барар жер, басар тоо жок, айлам кетип турат, маа капа болбо, садага? (Сыдыкбеков). В.: Барар жер, батар ийин жок. – Ненин акылы. Барар жер, батар ийин жок калды го, менде (Бейшеналиев). Барар жерим, батар ийиним жок («Ала-Тоо»).
Зээндүүлүк, токтоолук. Мурдатан ишке урунбай. Акыры болбо арасат. Адебиңди бек сактап, Кылсаң болот парасат (Барпы). Баам, барасаты жок кишинин кылаары ошо да (өмүрбаев).
ир. мотылёк (в старой поэзии часто служил символом безграничной любви и самопожертвования); отко түшкөн барбаана эр жандардан бир бөлөк стих. мотылёк, попадающий в огонь,- особое (от других) существо; ырайымы келди жашына, барбаана болду башына фольк. он пожалел его молодость, стал жертвой (букв. мотыльком) за него.
Барбайып турган, колдойгон. Жүргүлө шахтага! – деди Калый барбагай мурдун дердеңдетип (Сасыкбаев). Иванов барбагай колу менен кара кер быштынын омуроосун каккылап кобурады (Сасыкбаев).
этиш. Эпсиз чоң көрүнүү, барбагай тартуу. Кол куушуруп барбайып, Сарыбайдын үстүнө Элеман кирип барды («Эр Төштүк»). [Дмитрий].. барбайган шадылары менен көк ала тарткан.. мурутун жанып-жанып алып, кайраттуу айтты (Сыдыкбеков).
иметь вид вздувшегося, распухшего, толстого; буту барбайып калыптыр у него нога опухла; мурду барбайган у него нос картошкой; каарданып дардабып, чаначтай мурду барбайып фольк. верзила (богатырь) рассвирепел, нос у него вздулся, как бурдюк.
Көбүңкү, дардайган, колдойгон көрүнүштө болуу. Кадырдын кең таноосу барбайып турат (Сасыкбаев). Дмитрий барбайган шадылары менен мурутун жанып-жанып алды (Сыдыкбеков).
барбалаңда менен бирдей. Барса, баргандын баарын барбалактап конок кылат (Байтемиров). Калыбек кирсиз барбалактап сүйлөдү (Каимов). Бөлөк барбалактап ат чыгарууга киришти (Убукеев).
БАРБАЛДАЙ — эпизоддук кейипкер. Үсөндүн (Көзкамандын) уулу экендигин Акбалта Манаска туш-тушка тарап кеткен элдин дайнын баяндаганда айтат (Саякбай Каралаев, 1. 108). Кийин Көзкамандар окуясында аты аталбайт, Көзкамандын тогуз уул делип айтылат.
1. Көпөлөк, жетим көпөлөк. өт. 2. Көлөкө, калканчы, күйөрү, жаны ачыры; кээде жөлөк, таяныч маанилеринде да айтыла берет. Барбана болду башына («Манас» С. О.).
1. делать движения так, как толстенький здоровяк; колу-башы барбаңдаган большеголовый и с толстыми концами пальцев; барбаңдаган эме экен он очень толстый и огромный; 2. перен. быть добродушным, простоватым; быть весёлым, довольным.
(Barbourisiidae) барбоурисия сымалдуулар; кит сымак балыктардын бир тукуму. Буга барбоурисии (Barbourisia) — барбоурисиялар (уруу), барбоурисия красная (В. rufa) — кызыл барбоурисия түрү ж. б. кирет.
(Polymixioidei) барбудо түспөлдүүлөр; балыктардын бир түркүмчөсү, буларга барбудовые (Polymixiidae) — барбудо сымалдуулар тукуму, барбудо известное (Polymixa nobilis) — таанымал барбудо түрү да кирет.
ир. 1. дорогое женское украшение (из бляшек, монет, надевающееся на лоб или подвешиваемое к концам сейке I, см.); башыңа баргек кылып ал сделай (это) себе украшением на голову; 2. перен. предмет особой любви, заботы и надежды; маңдайда баргек тынарым, балбылдап күйгөн чырагым фольк. ты мой пестун, моя опора, мой ярко горящий светоч; ушу баланы башыңа баргек кылып ал ты этого ребёнка пестуй, люби, как душу; аманат жандын баргеги - ойногондо очогор фольк. ружьё - услада души при забавах; 3. южн. курага.
зат.1. Аялдардын чачына тагылуучу же чекесине тартып кийүүчү алтындан же күмүштөн жасалган буюм. Башымда чолпон баргегим («Сейтек»). Маңдайымда баргегим («Сейтек»).
2. Сөйкөнүн желбирөөчтөрү. Алтындан баргек сөйкөнү, Аземдеп сага тагайын («Мендирман»).
БАРГЕК — желбирөөч сөйкө. Чыгыш аялдары маңдайына же чачына тагуучу алтын же күмүш желбирөөч: «Маңдайда баргек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас»). Эпосто Б. ыйык, касиеттүү деген мааниде да колдонулат: «Башын баргек талга жөлөгөн, Басташкан душман жүдөгөн» («Манас»). Кээде кооздук, чачы, чок маанилеринде да айтылат: «Баргектен боо мээлейим Колдо калган бир жанмын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 314).
«Баласынын башына, Баргектей үкү тагыптыр» («Манас»). Зер буюму. Кыз-келиндерибиз кыргак сымал чекеге тартып кийүүчү, же олоң чачына тагына турган күмүш жасалга. Мындай нускага зергерлер күбөк, сөйкө, желбирөөчкө узангандай «себет төгүү», «зым тордоо», «сирке төгүү», «зым эшүү» өңдүү ыкмаларды колдоно алышат. Алар бири-бирине аябай үндөшүп турат. «Алтындан баргек сөйкөнү, Асемдеп сага тагайын», (К. Жантөшов). Мунун экинчи түрү-желбирөөч чөйкө. Маңдайына же чачына тагуучу зер желбирөөч. «Маңдайда бардек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас») деп, тегерек тарткан бул буюмдун формасын чырмакчылар, саймачылар көркөм буюмдарды саюуда, чий чырмоодо көп пайдаланышат. Ал «баргек көчөт» деп аталат.
1. Аялдардын чачына тагылуучу же чекесине тартып кийүүчү алтын, күмүштөн ж. б. жасалган кооздук жасалга. Алтындан баргек сөйкөнү Асемдеп сага тагайын (Жантөшев). 2. өт. Медерим, бар байлыгым, сөөлөт берээрим деген мааниде колдонулат. Жылкыга кеткен ал Сейтек Маңдайымда баргегим, Жалгыз туума айнегим («Сейтек»). Маңдайда баргек тынарым, Бар күйүп кетип ичимден, Балам Манас, байкачы, Мен дагы журтумду ойлоп турамын («Манас»).
1. украшать; баласынын башына баргектеп үкү тагыптыр фольк. голову (шапку) мальчика (Бокмуруна) он украсил, воткнув перо филина (см.үкү 2); 2. разбирать по сортам, по цветам, по качеству, по величине (напр. мелкое к мелкому, крупное к крупному).
с украшениями (см.баргек), украшенный; алаканы айнектүү, бүлдүргөсү баргектүү фольк. алакан (см.) плети со стёклышками, дрема (петля у кнутовища) её с украшениями; баргектүү жыгач красивое дерево, красивый кустарник (которому плоды или густая листва придают красоту).
вздымать клубами, поднимать столбом (напр. пыль); ак сур атын агытып, артынан чаңын баргытып фольк. лихо скача на своём светло-сером коне, вздымая пыль клубами; кара атын Жаңыл каргытып, оозунай көбүк баргытып стих. Джангыл гонит крупным карьером своего вороного коня так, что изо рта его пена летит клубами.
тяньш. то же, чтотабарсык; эр барданы бек болсун, ат барданы бош болсун погов. пусть у молодца мочевой пузырь будет крепким, а у коня - слабым (чтобы не было задержания мочи).
1. знергия, сила, выносливость (принимая во внимание и внешний вид); бардашы журттан бөлөкчө фольк. его сила бесподобна; 2. терпение, терпеливость; бардаш кылып тур- терпеть, выносить, терпеливо переносить что-л.; бардаш бир кылдың билинбей, балдарыңдан түңүлбөй фольк. ты проявил особую терпеливость, не выдавая себя и не отрекаясь от детей своих.
р. берданка, винтовка; кылыч, мылтык, бардеңке, - эр жабдыктын баары бар стих. сабля, ружьё и винтовка - есть все молодецкие доспехи; бардеңке тийген эмедей, башынан каны тамчылап фольк. кровь из головы каплет, будто попали из винтовки.
бардигер, бардыгер ир. все; всё, что имеется; бардигери төрт орун всего четыре места; бардигеримди саа бердим я отдал тебе всё, что имел; бардигер күчүн баа-рысын колуна жыйып тыңданды фольк. собрав (в руках) всю силу, что была, он приготовился (букв. стал готов) (к схватке).
зат. Баары, бардыгы, болгонунча, болгонунун баары. Эки уйга үйүмү, бардыгер мүлкүмү жүктөп, сага көчүп келдим (Жантөшев). [Күлүкан].. жаман кабын кагып, бардыгер унун Каныбек менен Ажар үчүн нан жасоого жуура баштады (Жантөшев).
бардык I 1. существование, наличие чего-л.;
үнүнүн бардыгынча кыйкырды -- он закричал во весь голос;
жанымдын бардыгынча кармашайын -- я буду сражаться до последнего; 2. весь, всё, все;
бардык өлкөлөрдүн пролетарлары, бириккиле! -- пролетарии всех стран, соединяйтесь!;
бардыгы жыйылды -- все они собрались;
бардык майды үйдөгү алып кетти ал кожо стих. -- всё масло, что было в доме, унёс тот ходжа;
бардыгың бүгун Алайга жөнөйсүңөр -- вы все сегодня отправитесь на Алай;
бардыгыңардын тең ата-энеңер бар -- у всех у вас (у каждого из вас) есть родители;
бардыгыбыз кеңешип туруп, кат жазабыз -- мы все посоветуемся и напишем письмо. бардык- II
уставать (о сытой лошади при быстрой езде);
минген аты Жаңылдын бардыгып калган көрүнөт стих. -- конь, на котором ехала Джангыл, видимо, устал.
Iат. Баары, бүткүл, баарысы. Окууну каалаган жашка өлкөнүн бардык жеринде мектептин эшиги ачык (Сыдыкбеков). Бардык өнөр өз колубузда. БАРДЫКIIэтиш. Көп тойгондон кийинки катуу жүрүштөн кыйналуу, зордугуу (ат жөнүндө).
Бүт, бүткүл. Анда биздин кең өлкөнүн бардык булуң-бурчунан пионерлер келишкен (Сыдыкбеков). Бардык участоктордо мурдагыдан бетер жумуш кызыды (Сасыкбаев).
column selector (noun)
The horizontal bar at the top of a column. You can click a column selector to select an entire column in the query design grid or the filter design grid.
All rights reserved.
A statement indicating that the copyright holder reserves, or holds for their own use, all the rights provided by copyright law, such as distribution, performance, and creation of derivative works; that is, they have not waived any such right.
то же, чтобаргыз-; жакшы көрүп жолдошун жамандык ишке бардырбайт любя мужа (букв. спутника) своего, (жена) не допускает его до плохих дел; акыл бардыр- пораскинуть умом, стараться вдуматься, уразуметь.
зат. Жалпак нерсенин бетине түшүрүлгөн жапыз рельефтүү скульптуралык сүрөт. Көкүрөктөрүндө кичинекей Ильичтин барельефи бар октябряттык жылдызча тагылган («Кыргызстан аялдары»).
Жалпак нерсенин бетине бир аз дөмпөгүрөөк кылып түшүрүлгөн скульптуралык сүрөт. Пржевальскийдин эстелигине Академиянын медалы менен саякатчынын портретинин барельефи да түшүрүлгөн («Жаш ленинчи»).
зат. Ичине жүк салып, кемеге чиркелип жүрүүчү чоң кайык. Жалгыз гана түтүнүн көккө бүркүп баржа сүйрөгөн кеме чыгыштан батыш тарапка баратат («Ала-Тоо»).
Башка бир кеме сүйрөп жүрүүчү же өзү жүрүүчү жүк ташый турган чоң кеме. Жалгыз гана түтүнүн көккө бүркүп баржа сүйрөгөн кеме чыгыштан батыш тарапка баратат («Жаш ленинчи»).
Жалбырак-бүчүрлөрү ичке майда бутактар, майда бутактары менен бирге тургандагы жалбырак-бүчүрлөр. Алтындан барик чынарга («Манас» С. О.). Биз тыттын бариктерин улам-улам жаңылап салып багуу менен курттардын тез чоңоюшуна жетиштик («Кыргызстан аялдары»). Сыдырым желдин эпкинине бадал- дардын бариктери да жандана түшкөн-сүйт («Ала-Тоо»),
1. Падышалык Россия тушундагы дворянин, помещик. || Революцияга чейинки Россиядагы коомдун жогорку катмарында турган адам (чиновник, аристократ). 2. өт. Жумуштан качкан, өзүнө тиешелүү жумушту башка бирөөгө жүктөй салууга тырышкан адам.
1. Бийиктиги жагынан бас менен тенордун ортосундагы эркектин жоон, салмактуу үнү || Ушундай үнү бар ырчы. 2. Трубадан бир октава төмөн үн чыгаруучу үйлөмө жез инструмент.
барк I ар. 1. различие; признак, особенность; арасында алардын алда канча баркы бар фольк. между ними большая разница; башка айлардан майдын баркы башка из других месяцев май выделяется своими признаками; барк кылганым жок я не обратил внимания (не заметил особенности); 2. ценность, значимость; достоинство, авторитет; саясий баркы терең (тут) глубокий политический смысл (значимость); колдо бар алтындыи баркы жок погов. золото, которое в руках, ценности не имеет; что имеем, не храним, потерявши - плачем; итке темирдин баркы жок погов. для собаки железо ценности не представляет; кадыры, баркы чоң его авторитет велик; его очень ценят и уважают; баркы менен с почётом, достойно (принять, отнестись); баркынан кетти или баркы кетти он лишился авторитета, почёта; айтып коюп кылбасам, алиме баркым кетер деп фольк. если (это) сделаю, не предупредив, пропадёт мой авторитет в народе; кетпесин элге баркыбыз фольк. чтоб нам не осрамиться перед народом; чтобы не уронить авторитет; баркымды кетирдиң ты уронил мой авторитет; баркыңды түшүрбө не роняй своего достоинства; баркына жет- или баркын бил- или баркка ал- или барк ал- оценить что-л. по достоинству, понять ценность чего-л.; считать важным, придавать значение; баркыңа жетет он тебя оценит по достоинству; баркына жетпес жан болсо, башканы Бермет сүйөбү? фольк. разве Бермет полюбит другого, который не в состоянии оценить её? баркыңды атаң билбестен, малга сатат башыңды стих. отец твой не ценит тебя, продаёт за скот (за калым); барк билиш- уважать друг друга, оказывать взаимное уважение; бардык сырды кенешкен, барк билишип, тең өстүк фольк. мы взаимно делились тайнами, росли мы вместе, уважая друг друга; барк албай олтура берди он продолжал сидеть, не обращая внимания; аны ага катарында сыйлаганын эч баркка албайт он совершенно не считается, с тем, что его почтили как старшего брата; мурун душман болсок да, баш иейин баркыңа фольк. хотя мы раньше были врагами, (теперь) я (почтительно) склоняю голову пред твоими достоинствами. барк II барк эт- крикнуть, гаркнуть, рявкнуть; сказать громко, властно и решительно (на басовых нотах); "Беккул гана!" деп, барк этти "только Беккул!", гаркнул он; арстан Манас, эр Бакай алик алды барк этип фольк. лев Манас, богатырь Бакай гаркнули в ответ на приветствие; баланын үнү барк этти раздался громкий крик ребёнка; барк-барк пых-пых (подражание пыхтению паровоза, трактора).
1зат. Баа, кадыр, сыймык, бедел. Эрээп кылба бак тиккиле дегенди, Баркын байкап, бак кадырын билели (Осмонов). Чаргын барк күткөндөн бери.. шылдыцга.. чек коюлган (Сыдыкбеков). Биздин элдин наркы бар, Билсең сөздүн баркы бар («Семетей»).
2. Айырма, өзгөчөлүк, бөтөнчөлүк. Жакшы менен жамандын Арасында баркы бар (Осмонов).
«Кыргыз тилинин сөздүгүндө» бул сөз төмөнкүдөй чечмеленген: «Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк» (КТС 2010:181). К.Юдахин бул сөздү арабизм деп белгилеп, маанилерин ажыраткан: «1. различие; признак, особенность; арасында алардын алда канча баркы бар; 2. ценность, значимость; достоинство, авторитет; итке темирдин баркы жок (Юдахин 1965:110). Мындагы 1-маани арап тилинен кирген фэрк деген сөзгө таандык (Малаев 2011:43). Ал эми экинчи маани өзүбүздүн бар деген төл сөзүбүзгө тиешелүү жана ал бар деген уӊгуга –к мүчөсүнүн жалганышы менен жасалып, мурун «имущество, состояние, достояние» деген сыяктуу маанилерди билдирген (ЭСТЯ 1978:62). Кийинчерээк бул сөздүн мааниси кеӊейгени шексиз. Мындан тышкары, бар- «кур-, сал-» деген этишке –к мүчөсүнүн жалганышы менен жасалган барк «имарат; күмбөз» деген дагы бир сөз бар экенин (Кононов 1980:89; Tekin 2003:239) айта кетишибиз керек. Жогоруда айтылгандардын негизинде азыркы кыргыз тилинде барк деген эки башка омоним сөз бар деп айтууга болот. Биз мында барк (барк этти) деген табыш тууранды сөздү айткан жокпуз, аны кошкондо үч омоним сөз болот.
Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк. Биздин элдин наркы бар, Билсең сөздүн баркы бар («Семетей»). Жакшы менен жамандын Арасында баркы бар (Осмонов). Айганыш жөнөкөйлүгү, билгичтиги менен, адамгерчилиги менен бат эле баркка ээ болгон (Байтемиров). Ырыстуу кыргыз элимде Таалайым бар, баркым бар (Токтогул).
1. Кыска-кыска, катуу чыккан жоон үндү, дабышты билдирүүдө колдонулат. Табылды ылдам жүрү деп, Элдияр үнү барк этет («Эр Табылды»). Беккулу кана? – деп барк этти (Элебаев). 2. Барактап, баркылдап кайноону билдирүүдө колдонулат. Барк-барк кайнаган эт.
БАР-КӨЛ, Баркөл—топоним. Кыргыздар Алтайды мекендеп тургандагы бала Манас жолдоштору менен ар жагы Уркун суусу, аягы Б.-К., түндүгү Аңгир белине чейин салбырынга барат. Ошол жерден балдар Манасты кан көтөрүп кайтышат, Үрбү баштаган кыпчактар Алтайдан Ала-Тоого көчкөндө Б.-К. аркылуу өтөт (Сагымбай Орозбаков, 1. 233; 2. 160, 176, 207). Бул чоң көл Чыгыш Тянь-Шанда кытай аймаганда жайгашкан.
потерять значение, уронить своё достоинство, авторитет; изжить себя; мурунку сословиялык артыкчылык барксызданып жок болду прежние сословные привилегии, утратив своё значение, исчезли.
баркта-, барыкта- ценить, уважать, чтить, оказывать почёт; барыктаса, башка чыгат погов. уважь, а он на голову (тебе) взберётся; эл барктабай куураган чөлгө берем тиричилик стих. я (вода) даю жизнь пустыне, которую народ не ценит.
уподоб. отбаркта- как бы ценить, делать вид, что ценишь, уважаешь; барктагансып, Жамыйла жанына келип отурду как бы с уважением Джамиля села возле него.
барктал-, барыктал- страд. отбаркта-; Манаттын даңкы таш жарып, бардык элге баркталып стих. слава Манат гремела, всем народом она стала уважаема; жатамын баатырларча барыкталып разлёгся (я) важно, как богатырь.
барктан-, барыктан- возвр. отбаркта- быть о себе высокого мнения, возомнить, возгордиться; ансайын барктанып көкүрөгүн керди чем дальше, тем больше он начал важничать.
барктуу, барыктуу ценный, уважаемый, почтенный, чтимый; авторитетный; барктуу адам уважаемый, авторитетный человек; "эл артисти" деген барктуу наамды берди ему присвоили почётное звание народного артиста; барыктуу ишибиздин бир участкасын башкарып келе жаткан он руководил одним участком нашей важной работы; атасы элге барктуудан, энеси асыл нарктуудан фольк. отец его - народом уважаемый, мать его - истинно почтенная; кадыр-барктуу авторитетный и уважаемый.
БАРКЫЗЫЛ — Бакчабийдин байгеге чапкан күлүгү. «Көкөтөйдүн ашындагы» ат чабышта байге алган алтымыш аттын катарында айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).
этиш.1. Жагымсыз, орой ун менен бакылдап сүйлөө. Күч бергени Момунжан, Кеңеш айтып баркылдап («Сейтек»).
2. Бака-шака түшүп катуу кайноо. Баркылдап көбүк бүркүп, экиленип, Шарактап кайнап турат кара кумган (Бөкөнбаев).
1. Барк-барк этип, катуу үн чыгарып сүйлөө. Ээй, балам, баркылдап үнүң чыкканда Мен Бакай шордуунун Башкача көөнү бөлүнөт («Сейтек»). 2. Барк-барк этип кайноо, барактоо. Баркылдап көбүк бүркүп, экиленип, Шарактап кайнап турат кара кумган (Бөкөнбаев).
реветь, издавать рёв; баркырап төөдөй, бай Жакып баласын айгай салыптыр фольк. бай Джакып ревёт, как верблюд, окликивая своего сына; баркырап ыйлаган баланын үнү голос громко плачущего ребёнка.
Бар-бар эткен катуу үн чыгаруу (мис. ыйлаганда), барылдаган дабыш чыгаруу (мис. сигнал бергенде). Бар-бар этип бала ыйлайт, Баркырап бала бек ыйлайт («Манас»). Баркырап паровоздор үн салышат (Бөкөнбаев).
өң жагы тыгыз түктүү, жумшак кездеме. Бутундагы булгаары өтүк, чий баркыттан күрмө, шым жана кызыл баркыт тышталган кара көрпө тебетей да анын тегин жерден чыкпагандыгын айгинелеп турбайбы? (Каимов).
то же, чтобардык I; барлык менен жоктуктун кадырын билгем энекем фольк. моя матушка, познавшая суть богатства и бедности (букв. наличия и отсутствия); ай, Бокмурун кулунум, барлыгыңа салбагын фольк. о, мой милый (букв. жеребёнок) Бокмурун, не надейся на своё богатство; чарбасы өсүп барлык жагы жетишкен фольк. хозяйство его выросло, во всём (есть) достаток.
Өнөрлүү, өтө чебер, колунан бардык иш келген, абдан устат. Балкасы менен зар чапкан, Бармагы менен мал тапкан (Тоголок Молдо). В.: Бармагынан бал тамган. өтөгөн деген өз өнөрү менен, өз мээнети менен бармагынан бал тамган, өрөөнгө белгилүү багбан (Абакиров).
Иштин оңунан чыкпаганына, өтүп кеткен ишке, өкүттө калуу, өкүнүү, арман кылуу. – Кеп бул жакта турбайбы,– деп Мамбеткул бармагын тиштеди. Тирүүсүндө сыйлап жүрө албагандыгына өкүнүп, ошондо бармагын тиштеди (Абдукаимов). Барпы жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди (Байтемиров). В.: Бармагын кесе тиштөө. Бармагын кесе тиштеп, тим болбоско арга жок (Осмоналиев).
Өткөн ишке өкүнүү, арман кылуу, өкүттө калуу (көбүнчө ойлогон ою орундалбай, иши оңунан чыкпай калган учурда). Көбүрөөк чыгат го деген үмүтү ойрондогондо Айылчы бармагын тиштей мыкыйды (Бейшеналиев). Тирүүсүндө сыйлап жүрө албагандыгына өкүнүп, ошондо бармагын тиштеди (Абдукаимов). Барпы жаштыгын, аял ала электигин эстеп бармагын тиштеди (Байтемиров). Үйүжок, жайы жок тентиген неме да! Мейли, өз убалы өзүнө тим кой өкүнүп бармагын тиштесин (Айтматов). Кетирилген чекилигимди эстеп, бармагымды тиштедим (Айтматов).
палец; буттун бармагы палец ноги; баш бармак (иногда просто бармак) большой палец (на руке и ноге); бармагы менен своими руками, своим трудом; балкасы менен зар чапкан, бармагы менен мал тапкан стих. молоточком своим он золото чеканил, руками своими (своим трудом) скот приобретал; бармак бас- палец приложить (вместо подписи на каком-л. документе); бармак басым жер или бармак басар жер пядь земли; бармак басым душманга жер бербейсиң стих. ты не отдашь врагу и пяди земли; бармак басты, көз кысты кыл обделывать делишки (букв. делать: палец прижал, подмигнул); бармактарынын башына чейин титиреп турду он дрожал всем телом (букв. до кончиков пальцев); бармактай с пальчик, маленький, малюсенький; бармактайымда когда я был маленьким; бармактайдан бирге өскөн росшие вместе с раннего детства; бармактай жалгыз один как перст; беш бармак 1) пять пальцев; беш бармагымдай билем я знаю как свои пять пальцев; беш бармагындай кылып түшүндүр- растолковать так, чтобы (ему) стало ясно, как (его) пять пальцев; 2) бешбармак (кушанье, состоящее из мелко нарезанных кусочков мяса и теста или лапши, политых бульоном); бармакка басып, тырмакка кысып жыйна жить прижимисто, отказывая себе в самом необходимом; копить по крохам; бармак тиште- или бармак чайна- выражать крайнее огорчение, сожаление, раскаяние (букв. кусать палец или жевать палец); бармак тиштеп, баш чайкап, баатыр аба, тилимди ал, тууган болуп алалы фольк. послушай меня, дед богатырь, раскаемся (в прежнем; букв. укусим палец и покачаем головой) и станем родичами; алдырып койсо Кыязга, бармак тиштеп, баш чайкап, башкача кордук көрөбүз фольк. если Кыяз его победит, мы будем в горе и испытаем большое унижение; арманга ичи жык толуп, арстаның бармакты жара чайнады фольк. твой лев (Манас) преисполнен огорчения и выражает крайнее сожаление; бармагы майга баткан он живёт в полном довольстве (напр. на нетрудовые доходы); уч бармак үстү, үч бармак асты южн. фазы детской игры в чижик.
зат. Колдун жана буттун беш маьжасынын биринчиси, башкы жоону, жалпы эле беш манжа. Баш бармак. Бармактарың барбайтып, Басаган элең жыргалым (Тоголок Молдо).
♦ Бешбармак — этти майда туурап, кесме, азыраак шорпо кошуп жей турган тамак. Бармагынтиштөөк. тиште.Бармакбасты,көзкысты — башкаларга билгизбей, будамайлап өз ара иштей салуу.
Колу-буттун беш манжасынын башкысы, биринчиси. Тамара сол колунун бармак, сөөмөй, ортон – үчөөнү алмак-салмак ачып-жуумп убара (Бейшеналиев).|| Беш манжа. Комузду күүгө келтирген Аты жок, ортон бармагың (Токтогул). Бугимов арык бармактары менен чачын серпкиледи (Сасыкбаев). Эпке көнбөй калтаңдап, Карандашты бек кармап, Тайтаң-туйтаң, буйталап, Жазып жатат беш бармак (Бөкөнбаев).
Азыркы кыргыз тилинде бармак сөзү «кол менеy буттун чоң жана жоон манжасы» жана «жалпы эле беш манжа» деген маани берет. Көпчүлүк түрк тилдеринде беш манжа деген мааниде айтылат. Ушуга караганда бармак сөзү монголдун барих «карма, тут» деген этишинен келип чыгарын Г. Рамстедт сунуш кылган (Севортян, 1978, 67). Жогорку пикирди толук колдоп, бармак сөзү монголчо бари «карма» деген уңгудан жана атооч жасоочу -мак мүчөсүнөн турат да, «кармагыч, туткуч» маанисиндеги сөз деп эсептөөгө болот.
Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын бүтүрө салмай амал, амалкөйлүк деген мааниде айтылат. Ташкенден келген өкүл Кызылбаш менен «бармак басты көз кысты» кылганын эл да укту (Каимов). Көп учурда «бармак басты, көз кысты» кылышып акы төлөшпөй малайларын айдап жиберишкен куулар четтен чыгат («Ала-Тоо»). Бармак басты, көз кыстылар жоюлуп, Эмгектенген колхозчуга берилсин (Осмонкул).
Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын бүтүрө салмай амал, амалкөйлүк деген мааниде айтылат. Ташкенден келген өкүл Кызылбаш менен «бармак басты көз кысты» кылганын эл да укту (Каимов). Көп учурда «бармак басты, көз кысты» кылышып акы төлөшпөй малайларын айдап жиберишкен куулар четтен чыгат («Ала-Тоо»). Бармак басты, көз кыстылар жоюлуп, Эмгектенген колхозчуга берилсин (Осмонкул).
Кысынып, эптештирип, абдан үнөмдөп (оокат кылуу, жашоо ж.б.). Ал кездин эмнесин айтасың? Бармакка басып, тырмакка кысып эптеп күн өткөрүп келдик («Ала-Тоо»). Бармакка басып, тырмакка кысып биздин тырмалап жыйнаганыбыз ушул, балам, таарынба - деп энеси кичинекей бетаачыга түйүлгөн немени уулуна берди («Ленинчил жаш»).
Кысынып, эптештирип, абдан үнөмдөп (оокат кылуу, жашоо ж. б.). Ал кездин эмнесин айтасың? Бармакка басып, тырмакка кысып эптеп күн өткөрүп келдик («Ала-Тоо»). Бармакка басып, тырмакка кысып биздин тырмалап жыйнаганыбыз ушул, балам, таарынба – деп энеси кичинекей бетаачыга түйүлгөн немени уулуна берди («Ленинчил жаш»).
1. Кичинекей, көлөмү жагынан кичине (чоң нерсеге салыштырмалуу). Бармактай балдар, көрдүңөр, Кат жазып, окуп турганды (Осмонкул). 2. Бадырайган, чоң, барсайган (кичине нерсеге салыштырмалуу). Бармактай акак. Бармактай дан.
1. быть неуклюже здоровым; бир кара дөбөт ыргыткан ташты барпактап кууп кетет здоровенный чёрный кобель бежит за брошенным камнем; 2. перен. быть простодушно щедрым.
1. Балпалактап үксөңдөгөн кебетеде болуу. Бир кара дөбөт ыргыткан ташты барпактап, кууп кетет да кайра келет (Элебаев). 2. Карбаластап-калдастаган жайдары мүнөздө болуу, барпактоо, берешен болуу. Барпактап колунда болгонун аянбоо.
то же, чтобарпакта- (в своих движениях, в действиях); баса түшүп дердейип, барпалаң-дап сүйүнөт фольк. он (здоровяк) важно опустился (на что-л.) и самодовольно радуется.
название травы; басканы барпы чөп экен фольк. ехал он по траве барпы; сары барпы название певчей птички; күңгөйдү жердеген сары барпылар на солнечной стороне водились сары барпы; көк барпы название народной мелодии.
БАРПЫ — эпос боюнча кытай кандарын жашартып, узак жашатыш үчүн табыптар атайы даярдаган дары. Сагымбай Орозбаковдун вариантында аны даярдоо ыкмасы төмөнкүчө баяндалат. Эсенкандын буйругу боюнча табыптар элдин он бир жаштагы өтө сулуу уул-кыздарын чогултуп бөтөн жан каттабаган ээн асем сарайда бир кыз, бир баладан жуп кылып багышат. Адегенде аларды күндүз бирге коюп, түн ичинде бөлүп кетип турушат. Күн өткөн сайын бири-бирине ашыктыгы күчөгөн аларды уламдан-улам сейрек кездештирип, аябай куса кылышат. Ошентип кыз-жигит он алтыга келип бири бирисиз жашай албаган абалга келгенде кошулгула деп дары чыланган таш карапага киргизип оозун бекитишет. Ашык болгон жаштар кучакташкан бойдон жан берет. Карападагы чыланган дарыдан денелери үч-төрт жылда буламыкка айланып, андан падышалык дары Б. даярдалат. Алмамбет Кытайда аскер башы кан болуп турганда Б. даярдоого туткундалган балдар — кыздар жөнүндө кокусунан билип калып аларды бошотуп, мындай залимдикке барган кытай кандарына кыжырланганы өзүнчө чакан эпизод болуп берилет.
Р. Сарыпбеков
то же, чтобапылда-; барпылдаган кернейдин алты жүзү тартылып фольк. заиграли в шестьсот гудящих карнаев; Жакып турду калтылдап, Бакдөөлөткө барпылдап фольк. Джакып стоял, трясясь, и на Бакдовлет орал.
понуд. отбарпыра-; панардын баарын алдырып, барпырата жандырып фольк. приказал он принести все фонари и ярко зажечь их (так, чтобы пламя, вспыхивая, трепетало).
(Sphyraenidae) барракуда сымалдуулар; кефаль балыктарынын бир тукуму, буларга барракуды (Sphyraena) — барракудалар уруусу, барракуда полосатая (S. jellocuda) — алача барракуда, б. серебристая (S. argentea) — күмүш барракуда ж. б. кирет.
БАРРИСТЕР (англ. barrister, bar – сот залынын ары жагында соттор отуруучу тосмо дегенден) – адвокат, Улуу Британияда адвокаттык кесиптердин биринин өкүлү. Солиситордон айырмасы – баардык сот иштеринде сүйлөөгө укуктуу; кыйла татаал юридикалык маселелер боюнча жыйынтык берет.
БАРРИСТЕР (англ. barrister, bar – сот залынын ары жагында соттор отуруучу тосмо дегенден) – адвокат, Улуу Британияда адвокаттык кесиптердин биринин өкүлү. Солиситордон айырмасы – баардык сот иштеринде сүйлөөгө укуктуу; кыйла татаал юридикалык маселелер боюнча жыйынтык берет.
барс I год барса (см.жыл I 2). барс II барс-барс звукоподражание сильному хрусту, сильным ударам и т.п.; уурттарын булчуңдатып, барс-барс ышкынды чайнай баштаган раздувая щёки, он с сильным хрустом начал жевать ревень.
1. Мышык түркүмүнө кирүүчү илбирске окшош ири жырткыч айбан. Барс, илбирс, бакма малга көп тийбейт («Айыл чарба»). – Жолборс, барс да аткандырсың Куке, (Абакиров). 2. Жыл эсеби боюнча үчүнчү жылдын аты.
Солкулдак өсүмдүк чарт сынганда же толуп турган нерсе жарылганда тарс деп чыккан үнгө окшош дабышты билдирүүдө колдонулат. Аскар билектей ышкынды ортосунан барс сындырып алды (Сыдыкбеков). Отко бышырылып жаткан жүгөрүнүн даны барс-барс жарылып жатты. Барс-барс эткен кайдан чыккан дабыш?
Байыркы түрк тилинде барс сөзү «чымын-чиркейдин чакканынан кийин пайда болгон шишик» маанисин берген (ДТС, 84). Биздин оюбузча, мына ушул сөзгө этиш жасоочу -ай мүчөсү жалгануудан барсай сөзү келип чыккан. Барсайып шишип же көөп кстуү чымын-чиркейдин чакканынан кийин пайда болору белгилүү. Бирок кыргыз тилинде барсай сөзүнүн үндүүлөрүн өзгөртүп коюу аркылуу ага маанилери жакын болгон борсой, бөрсөй, бырсый деген сөздөрдү да жасоого болот. Эгерде үндүүлөрдү өзгөртүп коюу аркылуу жасалган сөздөрдүн эң алгачкысы барсай деген түрү деп эсептесек, анда кыргыз тилиндеги тууранды этиштердин келип чыгышын түшүндүрүп бере турган «ачкычты» да тапкан болобуз.
БАРСА-КЕЛБЕС, Барса келбес — топоним. Түрк тилдүү элдердин фольклорунда көп кездешет, барган кишини өлүмгө дуушар кылуучу шумдуктуу жандыктардын, сыйкырдуу күчтөрдүн мекени катары айтылат. «Манас» эпосундагы Б. -К. эки мааниге ээ: биринчи — жалпы түрк мифологиясына таандык мифотопоним маанисинде, экинчи — өтмө, каймана түрдө, мисалы, адам өлгөндө баруучу тиги дүйнө маанисинде («Барса келбес чын жайдан»), Айрым түрк элдеринин фольклорунда алдына барган адам өлмөйүнчө келбеген залим падыша катары да айтылат. Мисалы, татар дастандарындагы Барса Килмас падыша (Татар халык ижаты: Дастанлар. — Казан, 1984, 73-б.).
1. кузнечный молот (которым работает молотобоец); 2. ист. булава (оружие); барскандары бир үйдөй балбандары жөнөлдү фольк. двинулись богатыри, булавы у них с юрту; барскан чапкан усталар фольк. мастера, кующие булавы.
зат. Устанын чоң темир балкасы. Солк этип кулак тунар добуш чыгат, Барсканын колтук керип уста чапса (Абдыраманов). Барсканың болот чоюндан, Чапканда таштар жоюлган (Калык).
БАРСКАН — топоним. Жакып агасы Байдан Нескара алты миң кол менен Манас аттуу баланы издеп келе жатканын угуп, Балта карыяны Жети-Суу, Ала-Тоого кабарга жөнөтөт. Балта тынымсыз алты күн жүрүп, Иле суусун кесип Б., дарканда жашагандарга болгон окуяны кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 192). Манас кан шайланганда кандыктын ээлигине кирген аймак катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Бул эпизоддордогу Б. — жердин жана шаардын аты. 9—10-кылымдан баштап араб-перс авторлорунун эмгектеринде кездешкен маалымат боюнча Б. шаары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Тоңго жакын жерден орун алган, карамагында төрт чоң жана беш кичине кыштак болгон. 9—11-кылымда бул жерлерде чигилдер жашаган. Б-дын башкаруучусунун «манак», «жетебин» аттуу титулу болгон. Ал керек учурда алты миң аскер чогулта алган. Батышынан Талас, Чүй өрөөнү, Боом капчыгайы, түштүгүнөн Фергана, Ош, Өзгөн, Арпа, Нарын аркылуу келген соода жолдору Б. шаарына келип кошулган.
Түрк элиндеги уламыштарда Яфеттин эки баласы болуптур. Анын бири Түрктүн Тутель, Барсхан жана Илак аттуу перзенттери болгон экен. Алардын акыркы үчөөнөн чигил, барскан жана илактар (Ангрен өрөөнүндө жашагандар) тараптыр. Бул уламышта Б-дын жана анын аймагын мекендеген чигилдердин эскертилиши бекеринен эмес.
Ө. Караев
БАРСКАН — чоюн баш, башына темир бекитилген чокмор. Эпосто көбүнчө калмак-кытай жоокерлеринин куралы катары айтылат:
Күрсүлөрү өгүздөй
Күчтүүнүн баары ошондо
Барскандары өгүздөй
Балбандын баары ошондо (Сагымбай Орозбаков, 4. 216).
1. Темир устанын өтө оор салмактагы балкасы. Чокчо сакал барсканчы оор барскандын сабын таянып тура калып, Салмоорбекти эркелетти (Сыдыкбеков). Барскан тийген сайын дулдуйган темир кадимки камырдай болуп ийлене берет (Байтемиров). 2. Чоюн башка жакын, бирок андан формасы жана оордугу жактан айырмаланган согуштук курал. Барскандарын көтөргөн, Балбандарды эми көр. («Манас» С. О.).
Мындай сөз казак, кара калпак, түркмөн тилдеринде жок, уйгурча базган (УйРС, 187), өзбекче боскон (УРС, 83) түрүндө айтылат. Уйгур тилинде сөз ортосунда р тыбышы түшүп калары белгилүү, өзбек тилинде ал тыбыш түшпөө керек эле. Кыргыз тилиндеги барскан деген сөздү уңгу жана мүчөгө ажыратуу мүмкүн эмес. Өзбек тилиндегисин эң алгачкы формасына жакыны деп алсак, анда ал бас+кан деген бөлүктөрдөн туруп, бас этишинен чыгат. Байыркы түрк эстеликтеринде басгук сөзү «чоң, оор» маанисинде болгон (ДТС, 85). Ошондой маанини кыргызча баскан сөзү туюнтууга өтүшү мүмкүн. Ал үчүн кыргыз тилинде с тыбышынын алдына ашыкча р тыбышы кошулган.
1. громкий треск, трескотня; резкие и отрывистые звуки; айкайлаган барсылдак, асман жарган тарсылдак фольк. неистовые крики, оглушительная пальба; барсылдакка ал- или барсылдактын алдына ал- 1) подвергать обстрелу; 2) бить, дубасить, колошматить; 2. (в эпосе) холостой выстрел из пушки (указывает время); название болезни; күлапса менен барсылдак күйгүзүп неге чыкпады? стих. почему не вскочили (у тебя) жгучие барсылдак и күлапса? (см.).
уподоб. отбар I 1 как будто бы..., как если бы...; көрүп, жүрөк алдастанат бир сүйгөнү барсынып стих. при виде (этого) сердце сильно бьётся, как если бы (то) была любимая.
подражание звуку отрывистому и на низких нотах; барт кекир- громко рыгать; барт-барт күл- громко и самодовольно смеяться; барт-барт чайна- жевать с хрустом; "жургөндөр кимсиңер?" деп жылкычылардын бири барт этти "кто там ходит?" - рявкнул один из табунщиков.
Морт нерсенин сынганынан, кекиргенден, бир нерсени чайноодон чыккан сыяктуу дабышты билдирүүдө колдонулат. Бадыраңды барт-барт чайнашты (Сасыкбаев). Барт кекирип коюшуп, Акман, Дмитрий да ичкен (Сыдыкбеков). || Коңур же жоон үндө кыска-кыска чыккан дабышты билдирүүдө колдонулат. Токуш тигиге угуза барт-барт сүйлөдү (Таштемиров).
БАРТАЛ АТ (иранча жүк жүктөөчү ат) — Сагымбай Орозбаковдун вариантында Манас кырк чоросу менен ууга аттанганда, казатка жөнөгөндө, «Токсон баштуу жолум үй, Баарын чечип бүктөтүп, Бартал атка жүктөтүп» (Сагымбай Орозбаков, 4. 263),— деп эскерилет.
БАРТЕРДИК БҮТҮМ – тышкы соодага байланыштуу алмашуу келишиминин аталышы. Б. б-гө баасы бирдей товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, акыл эмгегинин натыйжаларын алмашуу каралган бүтүмдөр кирет.
БАРТЕРДИК БҮТҮМ – тышкы соодага байланыштуу алмашуу келишиминин аталышы. Б. б-гө баасы бирдей товарларды, жумуштарды, кызмат көрсөтүүлөрдү, акыл эмгегинин натыйжаларын алмашуу каралган бүтүмдөр кирет.
ир.уст. (на языке продавцое) небольшая количественно и худшая по качеству часть товара, которая при совершении сделки идёт покупателю бесплатно, в придачу.
Кошуп берме. Соодалашууда сатып алуучуга кошумча бекер бериле турган товардын сапаты жагынан бир аз начар бөлүгү; сатылган нерсенин үстүнө кошумча кылып берилген сапатсыз товар.
Барт-барт этүү. Ачка болгон аттардын оозунда аптыга сугунган тоо чөбү бартылдайт. || Кыска-кыска жоон үнү чыгуу. – Коркпо садагаң! – Алда кимдин бартылдаган жоон үнү Динарга туура жактан угулду (Сыдыкбеков)
сев. 1. то же, что партия 1; 2. группа; айыл эки бартыяга бөлүнүптүр аул разбился на две группы; 3. ист. группировка (во время выборов чинов местной администрации).
и. д. отбар- IV; жалгыз барбай, бирди-жарым адамды ээрчите барууну ойлоду он подумал о том, чтобы идти не одному, а повести двух-трёх человек; мен баруудан коркпоймун идти я не боюсь.
Күңүрт туюк барт-барт чыккан дабышты, көбүнчө чыктуу нерселерди кырча-кырча чайноодон, ургулап майдалап жанчуудан, бөлүүдөн чыккандагыдай дабышты билдирүүдө колдонулат. Ашым үч сарымсакты бирдей тиштеп, барч-барч чайнады (Сыдыкбеков).
барча I весь, все, всё; барча журт весь народ, всё население; ат айдатты барчасы, чоң жол менен чубатып стих. все они погнали коней гуськом по большой дороге. барча II ир. кусок; отрезок; отрывок; осколок; барча--барча кыл- разбить, раздробить; разорвать на куски; сен өзүңдүн сөзуң менен жүрөгүмдү барча-барча кылдың ты своими словами мое сердце на части разорвал; барча-барча или барча-бурч разбитый вдребезги; барча--бурч сындыр- разбить вдребезги; расколотить на мелкие кусочки; барча-барат то же, чтомайда-барат (см.майда). барча III ир. парча; оң колуна кайчы алган, сол колуна барча алган стих. в правой руке у нёё ножницы, в левой руке парча.
Iзат. эс. Алтын же күмүш менен кештелген калың жибек кездеме.
БАРЧАIIсын. Майда, кичине; майдамайда бөлүкчөлөр. Барча-барча тууроо. Бүткүл элди карап аксакалдар тизмени майда-майда барчаларга бөлүп жатты (Абдукаримов).
«Бары, бардыгы» деген мааниде барча сөзү да кыргыз тилинде сейрек колдонулат. Мындай сөз өзбек, татар тилдеринде активдүү айтылат. Бул сөз баары (<--бар+ы), бардыгы (<--бар+дык+ы) сөздөрү сыяктуу эле бар деген сөздөн жана -ча мүчөсүнөн турат. Алтай тилинде ончо деген сөз он+чо дегенден туруп, «бардыгы» деген маани берет. Мындагы -ча мүчөсү канча деген сурама ат атоочтун аягында келген -ча мүчөсү менен тектеш жана ошол канча деген суроого ылайык жооп катарында айтылган мынча, анча, ушунча, ошончо деген сөздөр сыяктанып жасалып, тактоочтук мааниге ээ болгон.
Барча-барч эткен, барч-барч же бырч-бырч эткен дабышты билдирүүдө колдонулат. Барча-барча талкалоо. Барча-барча кыркып кирүү. Ажар этти курч бычак менен барча-барча кесип жатты («Ала-Тоо»).
~: барчылап посчитав как бы имеющимся; как если бы, как будто бы; жаш жүрөгү неге жанат, бир арманы барчылап стих. почему так горит его сердце молодое, как если бы заветное желание было неисполненным; күн батар замат жатасың, жатканда пайда барчылап стих. с заходом солнца ты ложишься, как будто в лежании есть польза; бетинде бир кара жылан барчылап, аны тике карай албайт жан чыдап стих. на него никто не может смотреть прямо, как будто на его лице гадюка.
возвр.- страд. отбар- IV; бүгүн мектепке барылдыбы? сегодня в школу ходили (букв. было ли хожено) ? кечээ киного барылбай калды вчера в кино не пришлось пойти.
только в форме деепричастиепрош. вр. действовать скопом, всем сразу, разом; тамакты барылап ичели поедим все вместе; приступим все вместе к еде; машинанын артынан барылап түртүп подталкивая машину все разом.
1. издавать треск, клокочущие звуки; автомобиль арылдайт, паровозу барылдайт фольк. автомобиль (там) гудит, паровоз рявкает; барылдаган үн густой (и приятный) голос (мужчины, мальчика); бала барылдап ыйлап атат ребёнок ревёт (на низких нотах); чоң сары самовар барылдап кайнап жаткан большой жёлтый самовар бурно кипел (фыркая); карангыда аттардын барылдаган бышкырыгы угулду в темноте слышалось непрерывное громкое фырканье лошадей; от барылдап күйөт огонь горит бурно и с треском; кызыл короз кыргоолу токойдон учуп барылдап фольк. красный фазан-петух вылетает с треском из зарослей; 2. перен. говорить громким низким голосом, говорить на басовых нотах.
1. бессмысленное, громкое бормотание на басовых нотах; 2. пустомеля (с низким голосом); дарылдак болмоктоя барылдак болсо да, өз атасы өзүнө жакшы да пусть он крикун, пусть пустомеля, но свой отец (всё равно) хорош.
ист. баранта (набег с целью угона скота у обидчика или у его родичей, причём часть скота шла на убой и расходовалась без всякой бережливости; отсюда - нижеприводимые примеры); барымтага келген малдай кылып или барымтанын малындай кылып растранжиривая направо и налево; барымтага кеткендей пайдасы жок бар малың стих. (из дореволюционной жизни) от скота твоего (тебе) нет пользы, как если бы он был (у тебя) забарантован.
зат. Жоолашкан уруулардын өз ара доосу үчүн кармалып калган мал, жан. Мына, биз барымтадан бошоп, эми силер кетип баратасыңар (Абдукаримов). Барымтага бир кеткен Пайдасы жок бар малың (Тоголок Молдо).
БАРЫМТА – 1) жарандык укукта милдеттенмени камсыз кылуунун негизги ыкмаларынын бири. Б-га ылайык барымта менен камсыз кылынган милдеттенме боюнча кредитор (барымта ээси ) карызкор тарабынан бул милдеттенме аткарылбай калган, тийешелүү түрдө аткарылбай калган учурда ал мүлк таандык болгон жактын (барымта берүүчүнүн) башка кредиторлоруна караганда Б-га коюлган мүлктүн наркынан, мыйзамда белгиленген чыгарып салуулардан кийин, канаттандыруу алуунун артыкчылыктуу укугуна ээ болот. КР жарандык мыйзамдары күрөөлөө (күрөөканага буюмдарды барымталоо ), ипотека, ошондой эле укуктардын, баалуу кагаздардын жана акча каражаттарынын барымталануусу Б. катары болушу мүмкүн деп айырмалайт; 2) кылмыш ишинде Б. айыпкер тарабынан дагы бир соттолуучу аракеттер кылынбашына кепилдик катары соттолуучу өзү же башка киши же уюм тарабынан атайын эсепке төгүлгөн акча каражаттары, тыюу салуу чарасы. Б. оор кылмыш жасагандыгы үчүн айыпталуучуларга колдонулбайт. Б.-нын суммасы тыюу салуу чарасын тандаган орган тарабынан аныкталат.
Жоготкон же алдырып койгон малын, дүнүйөсүн башка бирөөдөн тапкандыгын далилдөө үчүн анын орчундуу бир нерсесин кармап алып коюучулук салты барымта аталат. Барымтага малы кармалып калган киши өзүнүн күнөөсүздүгүн далилдесе, кайра кайрып алат, далилдей албаса алдырган бойдон кала бериши мүмкүн.
Жоолашкан тараптан тийип алынган мал, же доо үчун кармалган мал, жан, буюм. Барымтага бир кеткен Пайдасы жок бар малың (Тоголок Молдо). Азырынча төрт сом барымтага кармата турам (Бейшеналиев). Улуктар элге өчөшүп, карыяларды барымта катарында кармап жатышпайбы (Абдукаримов).
БАРЫМТА АДАМ – мамлекетти, уюмду же айрым адамдарды кандайдыр бир аракеттерди жасоого аргасыз кылуу же андан баштартууга мажбурлоо максатында колго түшүрүлгөн жана/же кармалып турган жеке адам.
БАРЫМТА БЕРҮҮЧҮ – барымта менен кепилденген милдеттенмеге карата үчүнчү тарап болобу, же карыз алуучунун өзүбү, мүлктү барымтага берүүчү жак. Б. б. барымта менен кепилденген милдеттенме боюнча карыздар өзү да, болбосо ал милдеттенмеге катышы жок үчүнчү адам да боло алат. Буюмдарды Б. б. алардын ээси, же болбосо ага карата чарба жүргүзүү укугу бар адам болушу мүмкүн. Буюмдар менен чарба жүргүзүү укугу бар адам аларды менчик ээсинин макулдугу менен барымтага коюуга укуктуу. Мүлктүк укукту барымтага берүү ал укук таандык болгон адамда болот.
ист. люди, находящиеся в таких отношениях, которые допускают или требуют совершения баранты (см.барымта) друг у друга; жарды менен жоолаш болгончо, бай менен барымталаш бол погов. чем воевать против бедняка, лучше барантовать против богача.
БАРЫМТА МИЛДЕТТЕНМЕСИ – зайым алуучу кредитор барымта менен камсыз кылынган милдеттенмени аткарабай койгон учурда анын өз доосун барымтага коюлган мүлктүн наркынан канагаттандырып алуудагы артыкчылыгын бышыктаган документ.
БАРЫМТАНЫ КАТТОО – мурун мындай барымтаны каттабаган ошол барымта кармоочунун кредиторлорунун үстүнөн артыкчылыктарга ээ кылуучу, ал аркылуу барымта коюучу менен күрөө кармоочунун ортосундагы барымта жөнүндө келишим мүлктүк укукка өткөн, ошондой эле аргандай үчүнчү жактарга карата да артыкчылыктарга жеткирген жолжобо.
БАРЫМТА ТАСТЫКТАМАСЫ – товар жүктөп жөнөтүүдө которум векселине кошулуп жазылып берилүүчү документ. Банк-векселди көрсөтүүчү же улам кийинки акцептелген векселдин кармоочусу төлөөчү векселди жоюудан баш тарткан учурда көрсөтүлгөн товарды сатып ийүүсүнө ыйгарым укук берет.
БАРЫМТА ЭЭСИ – көрсөтүлгөн милдеттенмеге укугу барымта менен камсыздалган жак. КР жарандык мыйзамдары боюнча Б. э. эгер ал өзүнүн жоопкерчиликтен кутулушу мүмкүн экендигин далилдей албаса (айыпсыздыгына же ал жетпес күчтөрдүн аракеттерине байланыштуу) ага берилген барымтанын толук же айрым зыян тартуусуна же бузулушуна жооптуу болот.
БАРЫП-КЕЛҮҮ КАТТАМЫ (англ. single – trip charter ) – кире жалдоочуга бүтүндөй кеме же кеменин айрым жайлары берилген деңизде жүк ташуу келишими. Жүк ал үчүн жооптуу капитандын чечими боюнча, ошентсе да эгер андай каттамда көрсөтүлсө, конкреттүү аталыштары бар кеме жайларында жана башка жүктөр менен аралаштырбастан жайгаштырылат.
Жеткен, аябаган, абдан, чектен чыккан деген мааниде кандайдыр бир сапатты көрсөтүүдө колдонулат. Барып турган куу. Барып турган жалкоо. Барып турган шалакы.
барыш I и. д. отбар- IV хождение; поездка; барыш кайда? куда путь держишь? барыш жөндөмө грам. дательный падеж, барыш- II взаимн. отбар- IV; блиндажга кандай кирип барышканын өздөрү да билбей калышты как вошли в блиндаж, они и сами не заметили.
Барыш жөндөмөсү (дательный падеж) сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин, айтыла турган ойдун жана сөздүн багытын, аткарылар ордун билдирип, кимге?эмнеге?каякка? деген суроолорго жооп берет. Барыш жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты -га. Бул тыбыштык өзгөрүүлөргө карай бир нече варианттарда колдонулат. Толук түрү: -га, -ге, -го, -гө, -ка, -ке, ко, -кө; үчүнчү жактынтаандык мүчөсүнөн кийин: -на, -не, -но, -нө; кыскарган түрдө: -а, -е, -о, -ө болуп өзгөрөт.