ир.
1. дорогое женское украшение (из бляшек, монет, надевающееся на лоб или подвешиваемое к концам сейке I, см.);
башыңа баргек кылып ал сделай (это) себе украшением на голову;
2. перен. предмет особой любви, заботы и надежды;
маңдайда баргек тынарым, балбылдап күйгөн чырагым фольк. ты мой пестун, моя опора, мой ярко горящий светоч;
ушу баланы башыңа баргек кылып ал ты этого ребёнка пестуй, люби, как душу;
аманат жандын баргеги - ойногондо очогор фольк. ружьё - услада души при забавах;
3. южн. курага.
зат. 1. Аялдардын чачына тагылуучу же чекесине тартып кийүүчү алтындан же күмүштөн жасалган буюм. Башымда чолпон баргегим («Сейтек»). Маңдайымда баргегим («Сейтек»).
2. Сөйкөнүн желбирөөчтөрү. Алтындан баргек сөйкөнү, Аземдеп сага тагайын («Мендирман»).
баргек, баргеги, баргекке
БАРГЕК — желбирөөч сөйкө. Чыгыш аялдары маңдайына же чачына тагуучу алтын же күмүш желбирөөч: «Маңдайда баргек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас»). Эпосто Б. ыйык, касиеттүү деген мааниде да колдонулат: «Башын баргек талга жөлөгөн, Басташкан душман жүдөгөн» («Манас»). Кээде кооздук, чачы, чок маанилеринде да айтылат: «Баргектен боо мээлейим Колдо калган бир жанмын» (Сагымбай Орозбаков, 2. 314).
«Баласынын башына, Баргектей үкү тагыптыр» («Манас»). Зер буюму. Кыз-келиндерибиз кыргак сымал чекеге тартып кийүүчү, же олоң чачына тагына турган күмүш жасалга. Мындай нускага зергерлер күбөк, сөйкө, желбирөөчкө узангандай «себет төгүү», «зым тордоо», «сирке төгүү», «зым эшүү» өңдүү ыкмаларды колдоно алышат. Алар бири-бирине аябай үндөшүп турат.
«Алтындан баргек сөйкөнү, Асемдеп сага тагайын», (К. Жантөшов). Мунун экинчи түрү-желбирөөч чөйкө. Маңдайына же чачына тагуучу зер желбирөөч. «Маңдайда бардек тынарым, Балбылдап күйгөн чырагым» («Манас») деп, тегерек тарткан бул буюмдун формасын чырмакчылар, саймачылар көркөм буюмдарды саюуда, чий чырмоодо көп пайдаланышат. Ал «баргек көчөт» деп аталат.
1. Аялдардын чачына тагылуучу же чекесине тартып кийүүчү алтын, күмүштөн ж. б. жасалган кооздук жасалга. Алтындан баргек сөйкөнү Асемдеп сага тагайын (Жантөшев). 2. өт. Медерим, бар байлыгым, сөөлөт берээрим деген мааниде колдонулат. Жылкыга кеткен ал Сейтек Маңдайымда баргегим, Жалгыз туума айнегим («Сейтек»). Маңдайда баргек тынарым, Бар күйүп кетип ичимден, Балам Манас, байкачы, Мен дагы журтумду ойлоп турамын («Манас»).
диал. Сөөгү алынып ташталып кургатылган өрүк.
этиш. Баргек бастырып кооздоо. Баласынын башына Барггктеп үкү тагыптыр («Манас»).
1. украшать;
баласынын башына баргектеп үкү тагыптыр фольк. голову (шапку) мальчика (Бокмуруна) он украсил, воткнув перо филина (см. үкү 2);
2. разбирать по сортам, по цветам, по качеству, по величине (напр. мелкое к мелкому, крупное к крупному).
Баргек менен жасалгалоо, кооздоо. Баласынын башына Баргектеп үкү тагыптыр («Манас»).
с украшениями (см. баргек), украшенный;
алаканы айнектүү, бүлдүргөсү баргектүү фольк. алакан (см.) плети со стёклышками, дрема (петля у кнутовища) её с украшениями;
баргектүү жыгач красивое дерево, красивый кустарник (которому плоды или густая листва придают красоту).
Баргектеп кооздолгон. Алаканы айнектүү, Бүлдүргөсү баргектүү («Манас»).