Киргизско-русский словарь Юдахина
палец;
буттун бармагы палец ноги;
баш бармак (иногда просто бармак) большой палец (на руке и ноге);
бармагы менен своими руками, своим трудом;
балкасы менен зар чапкан, бармагы менен мал тапкан стих. молоточком своим он золото чеканил, руками своими (своим трудом) скот приобретал;
бармак бас- палец приложить (вместо подписи на каком-л. документе);
бармак басым жер или бармак басар жер пядь земли;
бармак басым душманга жер бербейсиң стих. ты не отдашь врагу и пяди земли;
бармак басты, көз кысты кыл обделывать делишки (букв. делать: палец прижал, подмигнул);
бармактарынын башына чейин титиреп турду он дрожал всем телом (букв. до кончиков пальцев);
бармактай с пальчик, маленький, малюсенький;
бармактайымда когда я был маленьким;
бармактайдан бирге өскөн росшие вместе с раннего детства;
бармактай жалгыз один как перст;
беш бармак
1) пять пальцев;
беш бармагымдай билем я знаю как свои пять пальцев;
беш бармагындай кылып түшүндүр- растолковать так, чтобы (ему) стало ясно, как (его) пять пальцев;
2) бешбармак (кушанье, состоящее из мелко нарезанных кусочков мяса и теста или лапши, политых бульоном);
бармакка басып, тырмакка кысып жыйна жить прижимисто, отказывая себе в самом необходимом; копить по крохам;
бармак тиште- или бармак чайна- выражать крайнее огорчение, сожаление, раскаяние (букв. кусать палец или жевать палец);
бармак тиштеп, баш чайкап, баатыр аба, тилимди ал, тууган болуп алалы фольк. послушай меня, дед богатырь, раскаемся (в прежнем; букв. укусим палец и покачаем головой) и станем родичами;
алдырып койсо Кыязга, бармак тиштеп, баш чайкап, башкача кордук көрөбүз фольк. если Кыяз его победит, мы будем в горе и испытаем большое унижение;
арманга ичи жык толуп, арстаның бармакты жара чайнады фольк. твой лев (Манас) преисполнен огорчения и выражает крайнее сожаление;
бармагы майга баткан он живёт в полном довольстве (напр. на нетрудовые доходы);
уч бармак үстү, үч бармак асты южн. фазы детской игры в чижик.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. Колдун жана буттун беш маьжасынын биринчиси, башкы жоону, жалпы эле беш манжа. Баш бармак. Бармактарың барбайтып, Басаган элең жыргалым (Тоголок Молдо).
Беш бармак — этти майда туурап, кесме, азыраак шорпо кошуп жей турган тамак. Бармагын тиштөө к. тиште. Бармак басты, көз кысты — башкаларга билгизбей, будамайлап өз ара иштей салуу.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Колу-буттун беш манжасынын башкысы, биринчиси. Тамара сол колунун бармак, сөөмөй, ортон – үчөөнү алмак-салмак ачып-жуумп убара (Бейшеналиев).|| Беш манжа. Комузду күүгө келтирген Аты жок, ортон бармагың (Токтогул). Бугимов арык бармактары менен чачын серпкиледи (Сасыкбаев). Эпке көнбөй калтаңдап, Карандашты бек кармап, Тайтаң-туйтаң, буйталап, Жазып жатат беш бармак (Бөкөнбаев).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде бармак сөзү «кол менеy буттун чоң жана жоон манжасы» жана «жалпы эле беш манжа» деген маани берет. Көпчүлүк түрк тилдеринде беш манжа деген мааниде айтылат. Ушуга караганда бармак сөзү монголдун барих «карма, тут» деген этишинен келип чыгарын Г. Рамстедт сунуш кылган (Севортян, 1978, 67). Жогорку пикирди толук колдоп, бармак сөзү монголчо бари «карма» деген уңгудан жана атооч жасоочу -мак мүчөсүнөн турат да, «кармагыч, туткуч» маанисиндеги сөз деп эсептөөгө болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын бүтүрө салмай амал, амалкөйлүк деген мааниде айтылат. Ташкенден келген өкүл Кызылбаш менен «бармак басты көз кысты» кылганын эл да укту (Каимов). Көп учурда «бармак басты, көз кысты» кылышып акы төлөшпөй малайларын айдап жиберишкен куулар четтен чыгат («Ала-Тоо»). Бармак басты, көз кыстылар жоюлуп, Эмгектенген колхозчуга берилсин (Осмонкул).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын бүтүрө салмай амал, амалкөйлүк деген мааниде айтылат. Ташкенден келген өкүл Кызылбаш менен «бармак басты көз кысты» кылганын эл да укту (Каимов). Көп учурда «бармак басты, көз кысты» кылышып акы төлөшпөй малайларын айдап жиберишкен куулар четтен чыгат («Ала-Тоо»). Бармак басты, көз кыстылар жоюлуп, Эмгектенген колхозчуга берилсин (Осмонкул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Кысынып, эптештирип, абдан үнөмдөп (оокат кылуу, жашоо ж. б.). Ал кездин эмнесин айтасың? Бармакка басып, тырмакка кысып эптеп күн өткөрүп келдик («Ала-Тоо»). Бармакка басып, тырмакка кысып биздин тырмалап жыйнаганыбыз ушул, балам, таарынба – деп энеси кичинекей бетаачыга түйүлгөн немени уулуна берди («Ленинчил жаш»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кысынып, эптештирип, абдан үнөмдөп (оокат кылуу, жашоо ж.б.). Ал кездин эмнесин айтасың? Бармакка басып, тырмакка кысып эптеп күн өткөрүп келдик («Ала-Тоо»). Бармакка басып, тырмакка кысып биздин тырмалап жыйнаганыбыз ушул, балам, таарынба - деп энеси кичинекей бетаачыга түйүлгөн немени уулуна берди («Ленинчил жаш»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кичинекей, көлөмү жагынан кичине (чоң нерсеге салыштырмалуу). Бармактай балдар, көрдүңөр, Кат жазып, окуп турганды (Осмонкул). 2. Бадырайган, чоң, барсайган (кичине нерсеге салыштырмалуу). Бармактай акак. Бармактай дан.