БАРМАККА БАСЫП, ТЫРМАККА КЫСЫП
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кысынып, эптештирип, абдан үнөмдөп (оокат кылуу, жашоо ж.б.). Ал кездин эмнесин айтасың? Бармакка басып, тырмакка кысып эптеп күн өткөрүп келдик («Ала-Тоо»). Бармакка басып, тырмакка кысып биздин тырмалап жыйнаганыбыз ушул, балам, таарынба - деп энеси кичинекей бетаачыга түйүлгөн немени уулуна берди («Ленинчил жаш»).