БАРМАККА БАСЫП, ТЫРМАККА КЫСЫП
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кысынып, эптештирип, абдан үнөмдөп (оокат кылуу, жашоо ж. б.). Ал кездин эмнесин айтасың? Бармакка басып, тырмакка кысып эптеп күн өткөрүп келдик («Ала-Тоо»). Бармакка басып, тырмакка кысып биздин тырмалап жыйнаганыбыз ушул, балам, таарынба – деп энеси кичинекей бетаачыга түйүлгөн немени уулуна берди («Ленинчил жаш»).