Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Азыркы кыргыз тилинде бармак сөзү «кол менеy буттун чоң жана жоон манжасы» жана «жалпы эле беш манжа» деген маани берет. Көпчүлүк түрк тилдеринде беш манжа деген мааниде айтылат. Ушуга караганда бармак сөзү монголдун барих «карма, тут» деген этишинен келип чыгарын Г. Рамстедт сунуш кылган (Севортян, 1978, 67). Жогорку пикирди толук колдоп, бармак сөзү монголчо бари «карма» деген уңгудан жана атооч жасоочу -мак мүчөсүнөн турат да, «кармагыч, туткуч» маанисиндеги сөз деп эсептөөгө болот.