БАРМАК БАСТЫ, КӨЗ КЫСТЫ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Башкаларга билгизбей, астыртан, тымызын бүтүрө салмай амал, амалкөйлүк деген мааниде айтылат. Ташкенден келген өкүл Кызылбаш менен «бармак басты көз кысты» кылганын эл да укту (Каимов). Көп учурда «бармак басты, көз кысты» кылышып акы төлөшпөй малайларын айдап жиберишкен куулар четтен чыгат («Ала-Тоо»). Бармак басты, көз кыстылар жоюлуп, Эмгектенген колхозчуга берилсин (Осмонкул).