БАРМАК
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Колу-буттун беш манжасынын башкысы, биринчиси. Тамара сол колунун бармак, сөөмөй, ортон – үчөөнү алмак-салмак ачып-жуумп убара (Бейшеналиев).|| Беш манжа. Комузду күүгө келтирген Аты жок, ортон бармагың (Токтогул). Бугимов арык бармактары менен чачын серпкиледи (Сасыкбаев). Эпке көнбөй калтаңдап, Карандашты бек кармап, Тайтаң-туйтаң, буйталап, Жазып жатат беш бармак (Бөкөнбаев).