Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Кыргыз тилинин сөздүгүндө» бул сөз төмөнкүдөй чечмеленген: «Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк» (КТС 2010:181). К.Юдахин бул сөздү арабизм деп белгилеп, маанилерин ажыраткан: «1. различие; признак, особенность; арасында алардын алда канча баркы бар; 2. ценность, значимость; достоинство, авторитет; итке темирдин баркы жок (Юдахин 1965:110). Мындагы 1-маани арап тилинен кирген фэрк деген сөзгө таандык (Малаев 2011:43). Ал эми экинчи маани өзүбүздүн бар деген төл сөзүбүзгө тиешелүү жана ал бар деген уӊгуга –к мүчөсүнүн жалганышы менен жасалып, мурун «имущество, состояние, достояние» деген сыяктуу маанилерди билдирген (ЭСТЯ 1978:62). Кийинчерээк бул сөздүн мааниси кеӊейгени шексиз. Мындан тышкары, бар- «кур-, сал-» деген этишке –к мүчөсүнүн жалганышы менен жасалган барк «имарат; күмбөз» деген дагы бир сөз бар экенин (Кононов 1980:89; Tekin 2003:239) айта кетишибиз керек. Жогоруда айтылгандардын негизинде азыркы кыргыз тилинде барк деген эки башка омоним сөз бар деп айтууга болот. Биз мында барк (барк этти) деген табыш тууранды сөздү айткан жокпуз, аны кошкондо үч омоним сөз болот.