Киргизско-русский словарь Юдахина
барк I
ар.
1. различие; признак, особенность;
арасында алардын алда канча баркы бар фольк. между ними большая разница;
башка айлардан майдын баркы башка из других месяцев май выделяется своими признаками;
барк кылганым жок я не обратил внимания (не заметил особенности);
2. ценность, значимость; достоинство, авторитет;
саясий баркы терең (тут) глубокий политический смысл (значимость);
колдо бар алтындыи баркы жок погов. золото, которое в руках, ценности не имеет; что имеем, не храним, потерявши - плачем;
итке темирдин баркы жок погов. для собаки железо ценности не представляет;
кадыры, баркы чоң его авторитет велик; его очень ценят и уважают;
баркы менен с почётом, достойно (принять, отнестись);
баркынан кетти или баркы кетти он лишился авторитета, почёта;
айтып коюп кылбасам, алиме баркым кетер деп фольк. если (это) сделаю, не предупредив, пропадёт мой авторитет в народе;
кетпесин элге баркыбыз фольк. чтоб нам не осрамиться перед народом; чтобы не уронить авторитет;
баркымды кетирдиң ты уронил мой авторитет;
баркыңды түшүрбө не роняй своего достоинства;
баркына жет- или баркын бил- или баркка ал- или барк ал- оценить что-л. по достоинству, понять ценность чего-л.; считать важным, придавать значение;
баркыңа жетет он тебя оценит по достоинству;
баркына жетпес жан болсо, башканы Бермет сүйөбү? фольк. разве Бермет полюбит другого, который не в состоянии оценить её?
баркыңды атаң билбестен, малга сатат башыңды стих. отец твой не ценит тебя, продаёт за скот (за калым);
барк билиш- уважать друг друга, оказывать взаимное уважение;
бардык сырды кенешкен, барк билишип, тең өстүк фольк. мы взаимно делились тайнами, росли мы вместе, уважая друг друга;
барк албай олтура берди он продолжал сидеть, не обращая внимания;
аны ага катарында сыйлаганын эч баркка албайт он совершенно не считается, с тем, что его почтили как старшего брата;
мурун душман болсок да, баш иейин баркыңа фольк. хотя мы раньше были врагами, (теперь) я (почтительно) склоняю голову пред твоими достоинствами.
барк II
барк эт- крикнуть, гаркнуть, рявкнуть; сказать громко, властно и решительно (на басовых нотах);
"Беккул гана!" деп, барк этти "только Беккул!", гаркнул он;
арстан Манас, эр Бакай алик алды барк этип фольк. лев Манас, богатырь Бакай гаркнули в ответ на приветствие;
баланын үнү барк этти раздался громкий крик ребёнка;
барк-барк пых-пых (подражание пыхтению паровоза, трактора).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
1 зат. Баа, кадыр, сыймык, бедел. Эрээп кылба бак тиккиле дегенди, Баркын байкап, бак кадырын билели (Осмонов). Чаргын барк күткөндөн бери.. шылдыцга.. чек коюлган (Сыдыкбеков). Биздин элдин наркы бар, Билсең сөздүн баркы бар («Семетей»).
2. Айырма, өзгөчөлүк, бөтөнчөлүк. Жакшы менен жамандын Арасында баркы бар (Осмонов).

Т. Абдиев. "Сөз башат". Этимологические этюды
«Кыргыз тилинин сөздүгүндө» бул сөз төмөнкүдөй чечмеленген: «Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк» (КТС 2010:181). К.Юдахин бул сөздү арабизм деп белгилеп, маанилерин ажыраткан: «1. различие; признак, особенность; арасында алардын алда канча баркы бар; 2. ценность, значимость; достоинство, авторитет; итке темирдин баркы жок (Юдахин 1965:110). Мындагы 1-маани арап тилинен кирген фэрк деген сөзгө таандык (Малаев 2011:43). Ал эми экинчи маани өзүбүздүн бар деген төл сөзүбүзгө тиешелүү жана ал бар деген уӊгуга –к мүчөсүнүн жалганышы менен жасалып, мурун «имущество, состояние, достояние» деген сыяктуу маанилерди билдирген (ЭСТЯ 1978:62). Кийинчерээк бул сөздүн мааниси кеӊейгени шексиз. Мындан тышкары, бар- «кур-, сал-» деген этишке –к мүчөсүнүн жалганышы менен жасалган барк «имарат; күмбөз» деген дагы бир сөз бар экенин (Кононов 1980:89; Tekin 2003:239) айта кетишибиз керек. Жогоруда айтылгандардын негизинде азыркы кыргыз тилинде барк деген эки башка омоним сөз бар деп айтууга болот. Биз мында барк (барк этти) деген табыш тууранды сөздү айткан жокпуз, аны кошкондо үч омоним сөз болот.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Белгилүү болуп турган өзгөчөлүк, айырма, баалуулугу жагынан болгон айырмачылык, кадыр-барк. Биздин элдин наркы бар, Билсең сөздүн баркы бар («Семетей»). Жакшы менен жамандын Арасында баркы бар (Осмонов). Айганыш жөнөкөйлүгү, билгичтиги менен, адамгерчилиги менен бат эле баркка ээ болгон (Байтемиров). Ырыстуу кыргыз элимде Таалайым бар, баркым бар (Токтогул).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Кыска-кыска, катуу чыккан жоон үндү, дабышты билдирүүдө колдонулат. Табылды ылдам жүрү деп, Элдияр үнү барк этет («Эр Табылды»). Беккулу кана? – деп барк этти (Элебаев). 2. Барактап, баркылдап кайноону билдирүүдө колдонулат. Барк-барк кайнаган эт.

Киргизско-русский словарь Юдахина
баркта-, барыкта-
ценить, уважать, чтить, оказывать почёт;
барыктаса, башка чыгат погов. уважь, а он на голову (тебе) взберётся;
эл барктабай куураган чөлгө берем тиричилик стих. я (вода) даю жизнь пустыне, которую народ не ценит.

Киргизско-русский словарь Юдахина
барктал-, барыктал-
страд. от баркта-;
Манаттын даңкы таш жарып, бардык элге баркталып стих. слава Манат гремела, всем народом она стала уважаема;
жатамын баатырларча барыкталып разлёгся (я) важно, как богатырь.

Киргизско-русский словарь Юдахина
барктуу, барыктуу
ценный, уважаемый, почтенный, чтимый; авторитетный;
барктуу адам уважаемый, авторитетный человек;
"эл артисти" деген барктуу наамды берди ему присвоили почётное звание народного артиста;
барыктуу ишибиздин бир участкасын башкарып келе жаткан он руководил одним участком нашей важной работы;
атасы элге барктуудан, энеси асыл нарктуудан фольк. отец его - народом уважаемый, мать его - истинно почтенная;
кадыр-барктуу авторитетный и уважаемый.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАРКЫЗЫЛ — Бакчабийдин байгеге чапкан күлүгү. «Көкөтөйдүн ашындагы» ат чабышта байге алган алтымыш аттын катарында айтылат (Сагымбай Орозбаков, 3. 268).

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
этиш. 1. Жагымсыз, орой ун менен бакылдап сүйлөө. Күч бергени Момунжан, Кеңеш айтып баркылдап («Сейтек»).
2. Бака-шака түшүп катуу кайноо. Баркылдап көбүк бүркүп, экиленип, Шарактап кайнап турат кара кумган (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
громко кричать (о человеке, птщах); громко бранить кого-л.;
азан айтып баркылдап, абаң Кошой барганы фольк. твой дед Кошой пошёл, громко возглашая азан (см. азан I);
анда-санда баркылдап, ителги келет беш болуп стих. временами громко клекоча, летит пятым балабан.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Барк-барк этип, катуу үн чыгарып сүйлөө. Ээй, балам, баркылдап үнүң чыкканда Мен Бакай шордуунун Башкача көөнү бөлүнөт («Сейтек»). 2. Барк-барк этип кайноо, барактоо. Баркылдап көбүк бүркүп, экиленип, Шарактап кайнап турат кара кумган (Бөкөнбаев).

Киргизско-русский словарь Юдахина
реветь, издавать рёв;
баркырап төөдөй, бай Жакып баласын айгай салыптыр фольк. бай Джакып ревёт, как верблюд, окликивая своего сына;
баркырап ыйлаган баланын үнү голос громко плачущего ребёнка.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бар-бар эткен катуу үн чыгаруу (мис. ыйлаганда), барылдаган дабыш чыгаруу (мис. сигнал бергенде). Бар-бар этип бала ыйлайт, Баркырап бала бек ыйлайт («Манас»). Баркырап паровоздор үн салышат (Бөкөнбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
өң жагы тыгыз түктүү, жумшак кездеме. Бутундагы булгаары өтүк, чий баркыттан күрмө, шым жана кызыл баркыт тышталган кара көрпө тебетей да анын тегин жерден чыкпагандыгын айгинелеп турбайбы? (Каимов).