Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Морт нерсенин сынганынан, кекиргенден, бир нерсени чайноодон чыккан сыяктуу дабышты билдирүүдө колдонулат. Бадыраңды барт-барт чайнашты (Сасыкбаев). Барт кекирип коюшуп, Акман, Дмитрий да ичкен (Сыдыкбеков). || Коңур же жоон үндө кыска-кыска чыккан дабышты билдирүүдө колдонулат. Токуш тигиге угуза барт-барт сүйлөдү (Таштемиров).