Киргизско-русский словарь Юдахина
1. кузнечный молот (которым работает молотобоец);
2. ист. булава (оружие);
барскандары бир үйдөй балбандары жөнөлдү фольк. двинулись богатыри, булавы у них с юрту;
барскан чапкан усталар фольк. мастера, кующие булавы.

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАРСКАН — топоним. Жакып агасы Байдан Нескара алты миң кол менен Манас аттуу баланы издеп келе жатканын угуп, Балта карыяны Жети-Суу, Ала-Тоого кабарга жөнөтөт. Балта тынымсыз алты күн жүрүп, Иле суусун кесип Б., дарканда жашагандарга болгон окуяны кабарлайт (Сагымбай Орозбаков, 1. 192). Манас кан шайланганда кандыктын ээлигине кирген аймак катары айтылат (Сагымбай Орозбаков, 1. 263). Бул эпизоддордогу Б. — жердин жана шаардын аты. 9—10-кылымдан баштап араб-перс авторлорунун эмгектеринде кездешкен маалымат боюнча Б. шаары Ысык-Көлдүн түштүк жээгинде, Тоңго жакын жерден орун алган, карамагында төрт чоң жана беш кичине кыштак болгон. 9—11-кылымда бул жерлерде чигилдер жашаган. Б-дын башкаруучусунун «манак», «жетебин» аттуу титулу болгон. Ал керек учурда алты миң аскер чогулта алган. Батышынан Талас, Чүй өрөөнү, Боом капчыгайы, түштүгүнөн Фергана, Ош, Өзгөн, Арпа, Нарын аркылуу келген соода жолдору Б. шаарына келип кошулган.
Түрк элиндеги уламыштарда Яфеттин эки баласы болуптур. Анын бири Түрктүн Тутель, Барсхан жана Илак аттуу перзенттери болгон экен. Алардын акыркы үчөөнөн чигил, барскан жана илактар (Ангрен өрөөнүндө жашагандар) тараптыр. Бул уламышта Б-дын жана анын аймагын мекендеген чигилдердин эскертилиши бекеринен эмес.
Ө. Караев

Энциклопедия "Манас". ч.1.
БАРСКАН — чоюн баш, башына темир бекитилген чокмор. Эпосто көбүнчө калмак-кытай жоокерлеринин куралы катары айтылат:
Күрсүлөрү өгүздөй
Күчтүүнүн баары ошондо
Барскандары өгүздөй
Балбандын баары ошондо (Сагымбай Орозбаков, 4. 216).

Краткий этимологический словарь кыргызского языка
Мындай сөз казак, кара калпак, түркмөн тилдеринде жок, уйгурча базган (УйРС, 187), өзбекче боскон (УРС, 83) түрүндө айтылат. Уйгур тилинде сөз ортосунда р тыбышы түшүп калары белгилүү, өзбек тилинде ал тыбыш түшпөө керек эле. Кыргыз тилиндеги барскан деген сөздү уңгу жана мүчөгө ажыратуу мүмкүн эмес. Өзбек тилиндегисин эң алгачкы формасына жакыны деп алсак, анда ал бас+кан деген бөлүктөрдөн туруп, бас этишинен чыгат. Байыркы түрк эстеликтеринде басгук сөзү «чоң, оор» маанисинде болгон (ДТС, 85). Ошондой маанини кыргызча баскан сөзү туюнтууга өтүшү мүмкүн. Ал үчүн кыргыз тилинде с тыбышынын алдына ашыкча р тыбышы кошулган.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Темир устанын өтө оор салмактагы балкасы. Чокчо сакал барсканчы оор барскандын сабын таянып тура калып, Салмоорбекти эркелетти (Сыдыкбеков). Барскан тийген сайын дулдуйган темир кадимки камырдай болуп ийлене берет (Байтемиров). 2. Чоюн башка жакын, бирок андан формасы жана оордугу жактан айырмаланган согуштук курал. Барскандарын көтөргөн, Балбандарды эми көр. («Манас» С. О.).