Энциклопедия "Манас". ч.1.

«КӨКӨТӨЙДҮН АШЫ»«Манас» эпосунан кагазга жазылып алынган эң алгачкы материалдардын бири. 1856-ж. Ысык-Көл өрөөнүнүн түндүгүнөн Ч. Ч. Валихановдун көзөмөлү астында араб жазмасын билген кишилердин бири тарабынан кагазга түшүрүлгөн. Кол жазма кадым формасында араб алфавити менен 47 баракты түзөт. Көлөмү 3319 сап ыр. Ч. Валиханов жаздырып алган бул эпизод «Манас» эпосунун бардык варианттарында учурайт. «Көкөтөйдүн ашында» канондук сюжет негизинен толук сакталган. Өзгөчөлүктөрүнөн маселен, айрым варианттарда Көкөтөй кандын ашы Каркыра жайлоосунда өтсө, Валиханов жазып алган эпизоддо Алтайдагы Түпкү кандын жергесинде өтөт. Бул материалдардын түп нускасы СССР Илимдер акдемиясынын Чыгыш таануу институтунун архивинде (Р. 2. оп. 4, д. 36) сакталып турат. Анын Ч. Валиханов тарабынан орус тилине которулган бөлүгүнүн түп нускасы («Смерть Кукотай хана и его поминки», алгачкы сабы 913) СССРдин Борб. адабий архивинин фондусунда (ЦГАЛИ СССР, 159 номерлүү папкесинде, д. 179, 15—22-б.) сакталып турат. Котормо биринчи жолу академик Н. И. Веселовский тарабынан Ч. Валихановдун бир томдук чыгармалар жыйнагына (Сочинения Ч. Ч. Валиханова, записки Русского географического общества по отд. этнографии, СПб, 1904) жарыяланган. Кийин Ч. Валихановдун тандалмалар жыйнагына (Ч. Валиханов. Избранные произведения, Алматы, 1958, 346—360-б.) киргизилип, беш томдугунда да басылып чыккан. Казак ССР Илимдер акдемиясынын академиги А. Маргулан бул эпизоддун факсимилесин жарыялаган («Шокан жане «Манас», Алматы, 1971). Кийин казак тилинде которулуп да чыккан (Кокетайдын эртегиси «Манас» жырынын Шокан жазып алган белиги, Алматы, «Жазушы» басмасы, 1973). Кыргызчадан казак тилине которгон А. Маргулан, текстологиялык тейлөөдөн өткөргөн М. Магауин. 1977-ж. Англиядагы Оксфорд университетинин профессору А. Т. Хатто ушул эле эпизодду латын алфавити менен транскрипциялап англис тилине кара сөз менен которуп, бир топ комментарий жана тиркемелер менен жабдып жарыялаган. «Көкөтөйдүн ашынын» кыргыз тилинин азыркы алфавитине салынып транскрипцияланып жарык көрүшү К. Ботояров, Ш. Ибраевдер тарабынан ишке ашырылган.

Ч. Валиханов. «Көкөтөйдүн ашынын» факсимилеси