Киргизско-русский словарь Юдахина
1. зрелость, возмужалость;
баралга кел- или баралга жет- быть в полной силе, достигнуть зрелости, достигнуть расцвета сил;
баралына келбей өлдү он умер преждевременно;
2. возраст;
...баралында в возрасте...

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бойго жетип, күчү толуп турган мезгил, жетилип, толукшуп турган учур, эр жеткен кемел. Барамын мекенимди коргоо үчүн, Баралым толуп турган, колдо күчүм (Нуркамал). Окуунун кенчин ача бер, Келди мына баралың (Токобаев). Сен анда баралыңа жетип, толуп турган күчтүү аялсың (Айтматов). 2. Курак, белгилүү бир жаш мезгили, кемел. Кенжебиз ушул Алымбек, Баралы быйыл он жашта (Токобаев).