БАРАЛ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Бойго жетип, күчү толуп турган мезгил, жетилип, толукшуп турган учур, эр жеткен кемел. Барамын мекенимди коргоо үчүн, Баралым толуп турган, колдо күчүм (Нуркамал). Окуунун кенчин ача бер, Келди мына баралың (Токобаев). Сен анда баралыңа жетип, толуп турган күчтүү аялсың (Айтматов). 2. Курак, белгилүү бир жаш мезгили, кемел. Кенжебиз ушул Алымбек, Баралы быйыл он жашта (Токобаев).