Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Үмүт кылар, бел байлар, ишенер эч нерсе жок. Канчалык ойлонсом да жолум туюк... Барар жер, басар тоом жок, менин көзүмө эч нерсе көрүнбөйт (Жантөшев). – Кагылайын Батийна, өзүм алсыз элем, барар жер, басар тоо жок, айлам кетип турат, маа капа болбо, садага? (Сыдыкбеков). В.: Барар жер, батар ийин жок. – Ненин акылы. Барар жер, батар ийин жок калды го, менде (Бейшеналиев). Барар жерим, батар ийиним жок («Ала-Тоо»).