Киргизско-русский словарь Юдахина
барабан;
барабан как- или барабан ур- или барабан чал- бить в барабан;
барабанды чалды эле, сурнайын беш сапар бек кыйкыртып алды эле фольк. он ударил в барабан и пять раз извлёк из зурны громкие звуки.

Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Эки жагы жаргак менен капталган, ургулап ойной турган цилиндр формасындагы музыкалык инструмент. Барабан Сырганын көзүнө куду дарбыздай болуп, Омордун колтугунан көрүнө түштү (Сыдыкбеков).
2. тех. Цилиндр формасындагы ар түрдүү машиналардын жана механизмдердин деталы.

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Эки жагы тең жаргак менен капталган, цилиндр сыяктуу ичи көңдөй,уруп ойноочу музыкалык аспап. Алымкулдар эшиктин алдына келгенде, барабан кагылып, пионердик салтанаттуу марш ойнолду (Жангазиев). 2. тех. Ар түрдүү машиналардын жана механизмдердин цилиндр формасындагы деталы.

Русско-кыргызский словарь биологических терминов и названий животных Алдашева (1998)
(анат.) добулбас шатысы; кулактын добулбасынын ичиндеги бир тетик. Б. перепонка — кулак тарсылдагы, сырткы жана ортонку кулактын ортосундагы солкулдак жаргак; б. полость (гист.) — добулбас көңдөйү, ортонку кулактагы бир орган; б. струна (гист.) — добулбас кылы, добулбастын ичинде, табыш толкунуна дирилдеп туруучу кыл; б. трубка (гист.) — добулбас түтүгү, сырткы кулактан добулбаска кирүүчү түтүк.