Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Кичинекей барак. Баракча кагазды колуна жаза кармап, Сеитов алдыга өттү (Сыдыкбеков).
2. саяс. Көбунчө саясий мазмундагы кичине брошюра, китепче же барак кагаз.
Күжүрмөн баракча — мыкты иштегендердин жана начар иштегендердин күндөлүк ишин чагылдырып көрсөтүүчү дубал газетасынын бир түрү. Колхоздун баштапкы партиялык уюму.. күжүрмөн баракчаларды чыгарып турат («Коммунист»).