Киргизско-русский словарь Юдахина
барыш I
и. д. от бар- IV
хождение; поездка;
барыш кайда? куда путь держишь?
барыш жөндөмө грам. дательный падеж,
барыш- II
взаимн. от бар- IV;
блиндажга кандай кирип барышканын өздөрү да билбей калышты как вошли в блиндаж, они и сами не заметили.

Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Барыш жөндөмөсү (дательный падеж) сүйлөмдөгү кыймыл-аракеттин, айтыла турган ойдун жана сөздүн багытын, аткарылар ордун билдирип, кимге? эмнеге? каякка? деген суроолорго жооп берет. Барыш жөндөмөсүнүн грамматикалык каражаты -га. Бул тыбыштык өзгөрүүлөргө карай бир нече варианттарда колдонулат. Толук түрү: -га, -ге, -го, -гө, -ка, -ке, ко, -кө; үчүнчү жактын таандык мүчөсүнөн кийин: -на, -не, -но, -нө; кыскарган түрдө: -а, -е, -о, -ө болуп өзгөрөт.

Барыш жөндөмөсүнүн мүчөсүнүн тыбыштык өзгөрүүлөрү төмөндөгүдөй болот.