Русско-кыргызский словарь переводов Чоробека Сааданбекова

Үчүнчү жак – сөз же ой багытталып, бирок сөзгө катышпаган тарап. Үчүнчү жак ал (көптүк санда алар) деген жактама ат атооч аркылуу уюшулат. Мына ошол үчүнчү жакка таандык этип айтуу үчүн анын ...-ы(-сы) (мисалы: анын кызы, баласы), көптүк санда алардын ...-ы(-сы) (мисалы: алардын кызы, баласы) деп айтабыз. Үчүнчү жактын көптүк сан таандыгы жекелик сандагыдай -ы (-сы) болуп айтылат. Бирок, кээде -лар мүчөсү менен да айтыла берет: алардын кыздары, алардын балдары.

Булагы: Кыргыз тилинин морфологиясы