ат атооч
Кыргызско-английский cловарь Т. Абдиева и Л. Сыдыковой (2006)(грам.) pronoun ‘проунаун
грам. местоимение. см еще: атооч
Ат атооч сөздөр башка сөз түркүмдөрүнүн ордуна колдонулат. Булар заттарды, түшүнүктөрдү же заттардын кайсы бир белгилерин атабай туруп, аларды жалпылап көрсөтөт. Ат атооч сөздөрдүн маанилери абстракттуу болот. Алар сүйлөм тизмегинде гана конкреттүү маанилерди билдирет. Мисалы, Ал базарга барып келди десек, сөздүн ким жөнүндө болуп жатканы бизге белгисиз, башкача айтканда, ал деген сөз кимди билдиргени белгисиз.
Булагы: Кыргыз тилинин морфологиясы